Малабо

Википедия дан
Малабо

Малабо (1973-жылга чейин Санта-Исабель) – Экватордук Гвинея Республикасынын борбору, шаар. Масиас-Нгема-Бийого (мурда Фернандо-По) аралында, Санта-Исабель жанар тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 179,3 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Биафра булуңундагы (Гвинея булуңунун бир бөлүгү) порт (сыртка какао, кофе жана жемиш чыгарат). Өлкөдөгү калк эң жыш жайгашкан шаар. Малабо англичандар тарабынан 1827-жылы Порт-Кларнес тургун жайы катары негизделген. 1843–1968-жылдары Испаниялык Гвинеянын административдик, 1968-жылдын 12-октябрынан Экватордук Гвинея Республикасынын борбору. Токой тилүү, жыгаччылык, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Пальма майы сыгылат. Самын кайнатылат. Экватордук Гвинеядагы негизги маданий борбор. Окуу борборлору (бул жерден жогорку билим алса болот) иштейт. Жыл сайын маданий фестивалдар (элдик ыр-бий) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]