Малави

Википедия дан
Малави.

Малави (англисче Мalawi, чичевача Malawi), Малави Республикасы (Republic of Malawi, Dziko la Malawi) – Африканын түштүк-чыгышындагы өлкө. Түндүк-чыгышынан Танзания, түштүк-чыгышынан, түштүгүнөн жана түштүк-батышынан Мозамбик, батышынан Замбия менен чектешет; Танзания менен чек арасынын басымдуу бөлүгү жана Мозамбик менен чек арасынын жарымы Ньяса көлү (Малави) аркылуу өтөт. Малави деңиз менен чектешпейт. Түштүк-чыгышынан Танзания, (Ньяса көлү аркылуу), түштүк-чыгышынан, түштүгүнөн, түштүк-батышынан Мозамбик, (Ньяса көлү аркылуу) батышынан Замбия менен чектешет. Аянты 118,48 миң км2 (анын 24,21 миң км2ин Ньяса көлүнүн акваториясы ээлейт). Калкы 15,4 млн (2010). Борбору – Лилонгве. Административдик-аймактык жактан 3 провинцияга, алар өз ичинен 28 округга бөлүнөт. Акча бирдиги – малави квачасы. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2014)

Малави – БУУнун (1964), Коомдуктун (1964), Африка биримдигинин (1964; 2002-жылга чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФтин (1965), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1965), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малави – унитардык мамлекет. Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Өкмөт жана мамлекет башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Улуттук чогулуш жана Сенат). Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат. Малавиде көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Демократиялык прогрессивдүү партия, Малави Конгресс Партиясы жана Бириккен демократиялык фронт.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малави көбүнчө тоолуу өлкө. Аймагы Чыгыш Африка рифт системасына кирген Ньяса көлүнүн грабенин жээктей меридиан багытында созулуп жатат. Өлкөнүн аймагынын кыйла бөлүгүн цоколдук денудациялык (басымдуу бийиктиги 1000–1500 м болгон) бөксө тоолор ээлейт. Батышында Ньика (бийиктиги 2670 мге чейин), борбордук бөлүгүндө Випья ж. б. платолор, түштүгүндө Дедза тоолору (2198 м) орун алган. Калган бөлүгүндө тоо этектей түздүктөр, көл жээктей аккумуляциялык жана денудациялык түздүктөр созулуп жатат. Мененин аймагы Африка платформасынын түштүк-чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Кен байлыктары: боксит, ниобий, фосфор кен таштары, сейрек жер элементтери, уран, никель, таш көмүр, рубин, сапфир ж. б. Малави субэкватордук климаттык алкакта жайгашкан. Өлкөнүн климатына Ньяса көлүнүн акваториясында пайда болгон аба массасынын таасири өтө зор. Эң жылуу айы – ноябрдын орточо температурасы 20–27°С, эң суук айы – июлдуку 14–19°С. Жайы жаанчыл, кышы кургакчыл. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 700 ммден 2500 ммге чейин рельефтин өзгөчөлүктөрүнө жана Ньяса көлүнө алыс же жакын жайгашуусуна жараша өзгөрөт. Өлкөнүн аймагынын 90%ке жакын аянты Инди океанынын алабына кирет. Гидрографиялык тармактары дээрлик бүт Ньяса көлү менен байланыштуу. Эң ири дарыясы – Шире, Ньяса көлүнөн башталып, Замбезиге оң тараптан куят. Башка дарыялары: Түштүк Рукуру, Двангва, Буа, Лилонгве ж. б. Эң ири көлү – Ньяса, чоңдугу боюнча Африкадагы 3-көл, өлкөдөгү тузсуз суунун негизги булагы, Мененин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө мааниси зор. Мененин борбордук бөлүгүндө тоонун кызыл, Лилонгве платосунда жана өлкөнүн түштүк бөлүгүндө кызыл-сары ферралит, ири дарыя өрөөндөрүндө жана көлдүү ойдуңдарда аллювий, тропиктик саз топурактар таралган. Мененын аймагынын 20%ке жакынын токой ээлейт; түндүк бөлүгүндө сезондуу нымдуу, калган аймагында жалбырагын күбүүчү кургакчыл токой басымдуу. Тоолоруна бийиктик, алкактуулук мүнөздүү; деңиз деңгээлинен 2000 мден жогору тоо-шалбаа ландшафты таралган. Өлкөнүн аймагынын 37%ин саванна, сейрек токой жана кылкандуу өсүмдүктөр ээлейт. Малавинин жеринин 16%и коргоого алынган. Алардын ирилери: Ньики, Ливонде, Ленгве, Касунгу улуттук парктары, Нкота-Кота, Вваза-Марш резерваттары. ЮНЕСКОнун Табият жана маданият мурасынын тизмесине Ньяса улуттук паркы (1984), аскаларга түшүрүлгөн сүрөттөр кирген.

Малавинин калкынын басымдуу бөлүгүн (99%тен ашыгын) бантулар түзөт; анын ичинде 53,1%и малавилер, 1,1%и – ньякьюся, ндали, ламбья (түндүгүндө), 11%и – нгони, (батышында жана борбордук бөлүгүндө), 2,1%и – тонга (чыгышында), 18%и – ломве (түштүк-чыгышында), 14%и – яо ж. б. Расмий тилдери – англис, чичева (чева) тилдери. Малавинин калкынын 51%ке жакыны протестант деноминациясынын өкүлдөрү, 29%ти католиктер, 13%ке жакыны мусулмандар. орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 163,3 киши (2010). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектерде – 50,2, аялдарда – 51,6 жаш. Төрөлүүнүн (2009, 1000 кишиге 39,7 бала) жана өлүм-житимдин (1000 адамга 11,8) саны өтө жогору. 100 аялга 100 эркек туура келет (2009). Шаар калкы 20% (2010). Ири шаарлары: Лилонгве, Блантайр, Маузу, Зомба.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Малави аймагын банту тил тобундагы уруулар мекендеп, жергиликтүү элдер менен ассимиляцияланган. Малавинин азыркы аймагына 11–14-кылымда нгони жана ваяо уруулары отурукташып, кийинчерээк алар өзүлөрүн малавилер деп аташып, Марави мамлекетин түзүшкөн. Марави өкмөтү коңшу элдер менен соода-сатык (балык, пил сөөгүн, темир буюмдарын сатышкан) иштерин жүргүзгөн. 18-кылымда ич ара согуштардын натыйжасында Малави бир нече топторго (ньянджалар, чевалар, мангаджалар ж. б.) бөлүнгөн. 19-кылымдын 2-жарымында Ньяса көлүнүн аймагы Улуу Британия, Германия, Португалиянын талашына түшүп, акыры ал Улуу Британиянын Ньясаленд протектараты деп жарыяланган (1893–1907). Ушундан кийин өлкөдө англиялык үстөмдүккө каршы улуттук-боштондук күрөш башталып, ал экинчи дүйнөлүк согуштан кийин күчөгөн. 1944-жылы Малавиде түзүлгөн алгачкы саясий уюм – Африка улуттук конгресси (АУК) жергиликтүү калктын социалдык укуктарынын кеңейиши үчүн күрөшкөн. Родезия жана Ньясаленд Федерациясынын (1953) жоюлушун жана Ньясалендге эркиндик берүүнү талап кылган. 1961-жылы августтагы шайлоодо Малави конгресс партиясы (1959-жылы түзүлгөн) бийликке келген. Ньясаленд 1963-жылы декабрда Родезия жана Ньясаленд Федерациясынан чыгып, 1964-жылы 6-июлда Малави Британ шериктештигинин курамындагы көз карандысыз мамлекет, 1966-жылы республика болуп жарыяланып, президенттикке Х. К. Банда шайланган. 1966-жылы жаңы конституциясы кабыл алынган. 1970-жылдан Х. К. Банда өлкөнүн түбөлүк президенти деп жарыяланган. Малави 1964-жылдан ООНго мүчө. 1980-жылы экспорттук товарларга (тамеки, чай ж. б.) дүйнөлүк баанын түшүшү жана экономикалык кризистен Малави начарлаган. Инфляция, жумушсуздуктун өсүшү элдин нааразылыгын туудурган. 1993-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы менен өлкөдө көп партиялуу система киргизилип, 1994-жылы президенттикке Б. Мулузи шайланган. Анын өкмөтү Банданын экономикалык курсун уланткан, натыйжада элдер жакырланып, өлкө оор абалда калган. 2004-жылы президенттикке шайланган Б. ва Мутарика коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзүп, өлкөнүн айыл чарбасын көтөргөн. Малави – дүйнөдөгү начар өнүккөн агрардык өлкө­лөрдүн бири. Экспортко чыгарылган айыл чарба продукциясы өлкөгө түшкөн валютанын 90%ин камсыз кылат. ИДПнин көлөмү 13,51 млрд долларды (2010, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 44,9%, айыл чарбаныкы 33,4, өнөр жай жана курулуштуку 21,7. Боксит, уран, таш көмүр, курулуш таштары ж. б. казылып алынат. 2006-ж 1,5 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын көпчүлүгүн Шире дарыясында орун алган ГЭС каскаддары («Nkula Fall» 214 миң кВт·с, «Tedzani Falls» 66,35 миң кВт·с, «Kapichira» миң 64,8 миң кВт·с) жана 10%тин ТЭС өндүргөн. Айыл чарба сырьёсун кайра иштетүүчү (ун, тамеки, чай ж. б.), тамак-аш, жыгач иштетүү, жер семирткич ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Экспорттук айыл чарба продуктулары: тамеки, чай, бал камыш, жер жаңгак, пахта ж. б. Негизги азыктары – жүгөрү, маниок, картөшкө, жашылча-жемиш жана тропик жемиштери. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Ошондой эле балык уулоо менен алектенет. Автомобиль жолунун узундугу 28,4 миң км (2008; анын ичинде 1/4 бөлүгү асфальтталган), темир жолунуку 0,797 км. Шире дарыясында жана Ньяса көлүндө кеме жүрөт. Ири порттору: Чипока, Монки-Бей, Нкота-Кота, Чилумба. Сыртка тамеки, кант, чай ж. б. айыл чарба продуктыларын чыгарат. Негизги соода шериктештери: Германия, АКШ, Россия, ТАР, КЭР, Нидерланд, Танзания ж. б.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасы милдеттүү акысыз 8 жылдык башталгыч, 4 жылдык орто жана 4 жылдык жогорку билим берүүнү камтыйт. Кесиптик билимди техникалык колледжден, кесиптик-техникалык окуу жайдан, окуу курстарынан алса болот. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 71,8% (2008). Малави университети (1964), Мзузудагы университет (1999), Малави улуттук архиви (1947), Улуттук китепканасы (1968), Малави музейи (1959) жана бир нече илимий-изилдөө мекемелери бар. Англис тилинде «The Daily Times», «Malawi Government Gazette», англис жана чичева тилинде «The Malawi News», «The Afrikan», «This is Malawi» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1964-жылдан, телекөрсөтүүсү 1999-жылдан, «Malawi News Agensy» улуттук маалымат агенттиги 1966-жылдан иштейт.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малави адабияты англис тилинде өнүгүүдө. Алгачкы чыгармаларына агартуучулук мүнөздүү: С. Ж. Нтары («Африка адамы», 1934; «Ачев элинин тарыхы», 1937) жана Э. В. Чафулумир («Биздин үй-бүлө», 1940) тарыхый-этнографиялык очерктерди жаратышкан. 1960-жылдардын ортосунда улуттук поэзия жанданган (Д. Рубадири, Ж. Мапанже, Ф. Митали), ошондой эле прозада тарыхый жана турмуштук роман жанрына Л. Кайир («Мен аракет кыламын», 1965; «Өткөндүн элеси», 1968; «Жингала», 1969), социалдыкислотарыхый романга О. Качингве («Оңой иш эмес», 1962) жана Рубадир («Калыңсыз кыз», 1967) кайрылышкан. Президент Х. К. Банданын киргизген цензурасынын айынан айрым малавилик жазуучулар өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. 1970-жылдары малави прозасында эмиграциядагы жазуучулар Банданын режимин ашкерелеген социалдык-саясий романдарды жаратышкан (Кайир, «Туткун», 1974). 1970-жылдардын башында малави адабиятында прозада агартуучулук-дидактикалык агым басымдуулук кылган (Т. Банда, «Секандын чечими», 1979; «Ыза болгон көңүл», 1987; Д. Камконд, «Кыңыр иш кырк жылда билинет», 1986; «Тирүүлөр үчүн», 1989). Ошондой эле Ж. Банда детективдик романга («Таң каларлык ачылыш», «Өлүмгө карай түз жол», экөө тең 1991) кайрылган. 1990-жылдардын башында Малави эмигрант жазуучулар социалдык-саясий романдарды жазышкан (П. Т. Зелез, «Өчүп бараткан чок», 1992; С. Мпас, «Күтпөгөн дос», 1995).

Архитектура жана сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малавиде колониядагы мезгилдин башталышы менен эклектизм нугундагы курулуштар тургузула баштаган; алардын эң алгачкысы – Блантайредеги «Мандала» компаниясынын башкаруучусунун үйү (1882), Зомбадагы британ консулунун «Эски резиденциясы» (1886), Ыйык Михаилдин жана Блантайредеги бардык периштелердин чиркөөсү (1891), Зомбадагы мамлекеттик үй (губернатордун резиденциясы, 1898, 1902). 20-кылымдын орто ченинен баштап Малавиде модернизм стилиндеги курулуштар пайда болуп, темир-бетон колдонула баштайт (Зомбадагы Парламенттин имараты, 1957). Көз каранды эместиктин жарыяланышы менен административдик имараттар курула баштайт (анын ичинде модернизм багытында 1960–80-жылдары салынган Лилонгведеги Жаңы мамлекеттик үй, Лилонгве менен Блантайредеги постмодернизм духунда салынган Малави резерв банкынын өкүлчүлүктөрү, билим берүү мекемелери, анын ичинде Малави университетинин бөлүмдөрү [окуу корпусу (1973) жана Зомбадагы Чанселлор – колледжинин Чоң залы (1982), Блантайредеги политехникалык колледжинин имараты (1960–70-жылдардын башы)], көп кабаттуу мейманканалар, имараттар, брутализм жана постмодернизм стилиндеги соода борборлору. 21-кылымдын башындагы курулуштардын ичинде – Лилонгведеги Х. К. Банданын мавзолейи.

Профессионалдык сүрөт искусствосу Малавиде көз каранды эместиктин жарыяланышы жана Малави университетинде көркөм өнөрдү өнүктүрүү нугун түзүү менен билим берүү системасы 1960-жылдын аягында өнүгө баштаган. Скульптор Б. Каунда, скульптор жана живописчи В. Нампея, живописчи К. Чиромо скульптура менен декоративдик-прикладдык искусствонун жергиликтүү традицияларын материал катары чопону, жыгачты, ташты, бетонду пайдаланып модернизмдин тажрыйбасы менен бириктиришкен. Салттуу кол өнөрчүлүк – батика, зер кооз буюмдарды, жыгач статуэткаларды, тиричилик буюмдарын жасоо, чий согуу иштери кирип, кеңири тараган.

Музыкалык маданияты малави, нгони, яо, макуа ж. б. элдердин салттары жана Ошондой эле батыш музыкасынын таасиринде пайда болгон стиль менен формалары өнүгүп жатат. Салттуу маданиятында үрп-адат, ырым-жырым, көңүл ачуу музыкасы, музыкалык ар кандай аспаптарда ойноо орчундуу орунду ээлейт. Чиквава, Блантайр жетекчи көсөмдөрүнүн үйлөрүндө үрп-адат бийлери музыка менен коштолуп аткарылган. 16-кылымдын орто ченинде Малавиге португалия, 19-кылымдын аягында англиялык музыкасы кирген. Батыш музыкасын окутуу чиркөө мектептеринде жүргүзүлгөн. Европа музыкасынын таасири менен өзгөчө бир хор стили өнүгөт. 20-кылымдын орто ченинен батыш тибиндеги баштапкы музыкалык билим берүү системасы түзүлөт, концерттик практика өнүгөт. Калктын арасында америка, түштүк-африка, инди, гавайа музыкалык стилдери кеңири тарайт. 1970-жылдарда шаардык маданияттын маанилүү бөлүгү катары батыштык типтеги (джазды жана реггини кошкондо) көңүл ачуучу музыка болуп калды. Түнкү клубдарда жана дискотекаларда кошуна Түштүк жана Чыгыш Африка, Зимбабве жана Конго Демократиялык Республика – өлкөлөрүнүн музыкасы жаңырат.

Малавинин музыкалык салттарын изилдөө 20-кылымдын башынан жүргүзүлгөн. Аудио- жана видеоматериалдары Зомбадагы Малави университетинде сакталып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]