Малколм Икс

Википедия дан
Малколм Икс (1925-1965)

Малколм Х (Малколм Литл; Май 19, 1925 – Феврал 21, 1965) Эл-Хаж Малик Эл-Шахбаз, Афро-Америкалык Мусулмандардын министри ж-а Нейшн оф Исламдын катчысы.

1964-жылы Нейшн оф Исламдaн чыкты. Ошол эле жылы Меккеге барып ажы болуп, мусулман динине өттү. Ал Муслим Моск ж-а Афро-Америка Биримдик Организациясынын да куруучусу. Малколм, Улуттук Биримдик Аптасынын биринчи күнүндө Вашингтон Хайтста киши колдуу болуп өлдү.

Жаш кезинде

Балалык жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малколм Литл 1925-жылы Омаха, Небраскада туулган. Атасы Орл Литл ачык сөздүү,официалдуу эмес Баптист катчысы ж-а Маркус Гарвинин жактоочусу, Буткул Каралардын Өнүгүү Ассосациясынын жергиликтуу лидери болгон. Орлдун 3 бир тууганын ак адамдар өлтүрүп кетишкен.

Орл Литлдин Луиз Литлден(Малколмдун апасы) мурдагы аялынан 3 баласы бар эле(Елла,Мери,Орл). Экинчи аялынан 7 балалуу болгон. Малколм 4-сү эле. Балдарынын аттары жашына карап: Вилфред, Хилда, Филберт, Малколм, Региналд, Вонн, Весли. Орл өлгөндөн бир канча жылдан кийин Луиз башка бирөөдөн Роберт аттуу бала төрөгөн.

Луиз Литл Гренадада туулган. Малколм апасынын ак аялдарга окшоорун айтат. Луиздин Шотландиялык атасы ак болуп, Малколм ал адам жөнүндө эч нерсе билбесин белгилеген. Малколм бир аз ак жуумал түсүн энеси ж-а чоң таятасынан алган. Мурда бул ак жуумал терисин ак адам болуш үчүн керек болгон символ катары караса да кийин ал: "ак зордукчунун мендеги ар бир тамчы канын жек көрөм" деп айткан. Малколм үй- бүлөдөгү балдардын ак жуумалы болгон үчүн атасы аны жакшы көрөөрүн сезчү бирок ошол эле себептен апасы аны жаман көрөөрун ойлочу. "Кызыл", Малколмдун такма аттарынын бирөөсү. Бул такма ат анын чачынын кызгылт болушунан келип чыккан. Ал бой жетип өскөн сайин чачы да кара түскө айлана баштаган.

Ал өзүнүн автобиографиясында, Ку Клукс Кланстар апасын, ошол кезде Луиздин боюнда Малколм бар эле ыза, кылганын жазат. Литлдин үй-бүлөсү Милвауки,Висконсан(1926) ж-а Лансинг,Мичиганга кайрадан жайгашат. 1931-жылы Орл Литл трамвайдын астында калып жан берет. Бийликтегилер бул окуяны кокустук деп чечим чыгарса да Малколм, Орл Каралар Биримдиги тарабынан өлтүрүлдү деп шектенген. Кээбир каралар Орлду Каралар Биримдиги өлтүрдү дешет. Бирок милиционерлер Орлдун өлөрдөн мурда аларга тайып жыгылып трамвайдын астында калганын айтканын айтышат.

Луиз Литл күйөөсүнүн өлүмүндөн көп өтпөй ооруп калып, балдары жетимдер үйүнө жөнөтүлгөн. Луиз Мичигандагы ооруканада Малколм ж-а жакындары келип аны алганга чейин 26 жыл жаткан.

Малколм кичинекейинде өтө жакшы окуучу болгон бирок 8-класста окууну таштаган. Себеби анын мугалими ага кара болгону үчүн адвокат болалбай турганын айткан. Ар кайсы жетимдер үйүндө калгандан кийин ал Бостон, массачусетке тууганы Элла Литл Колинстин жанына 1941-жылы Февралда барган.

Улан кездери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малколм Бостондо ар кандай иштерде иштейт. Линди Хоп клубунда бут кийим тазалагыч болуп да иштеген. "Малколм Икстин өмүр баяны"нда ал Дюк Еллингтон ж-а бир топ Афро-Америкалык таанымал музыканттардын бут кийимин тазалаганын айтат. Малколм иштен ишке, шаардан шаарга көчүп жүргөн. Харлемде жүргөндө ал төмөндөгүдөй иштер м-н алек болот: наркотовар, кумар, алдамчылык, уурулук ж-а жалаптарды сатуучулук. Ушундан улам аны тааныгандар "Детроит Кызылы" деп коюшкан.

1943-жылы аскерге чакырылат бирок аскердик психологдор анын нерв жактан аскердикке жарабастыгын айтышат. Ал өзү да аскердик кызматын өтөбөө учун ал жердеги офицерлерге чын эле "оорулуу" экенин далилдеш үчүн бир канча жалган нерселерди айткан. Ошентип ал аскерге барбай калат.

1945-жылы Малколм Бостонго кайтып келет. 1946-жылы 12-январда алтын саат уурдаганы үчүн кармалат. Эки күндөн кийин курал-жарак көтөрүп жүрүүдөн айыпталат. 16-Февралда уурулук ж-а башка бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирүүдөн айыпталып, 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажырайт.

Массачусетс түрмөсүндө динди жек көргөнү үчүн аны "Шайтан" дешкен. Ал жерде Малколм, Жон Елтон Бембри деген адам м-н таанышкандан кийин, өзүн-өзү жоопко тартып, көп китеп окуй баштайт.

1948-жылы Малколмдун бир тууганы Филберт Нейшн оф Ислам жөнүндө катында жазат. Бир тууганы Региналд "Малколм, мындан ары чочконун этин жебе ж-а чылым чекпе, мен сага ал жерден чыгуунун жолун көрсөтөм" дегенге чейин Малколм Нейшн оф Исламдын мүчөсү болууга кызыккан эмес. Түрмөдөгү кийинки жылдарында ал Кара Мусулмандардын лидери Элайжа Мухаммед м-н кат жазышып турган.

1948-жылы Февралда айрыкча бир тууганынын жардамы м-н Малколм Норфолктогу чоң китепканасы бар түрмөгө өткөрүлөт. Кийин ал бул түрмө жөнүндө мындай дейт: "Бир канча ай түрмөдө экенимди унутуп койдум. Чындыгында ошол убакка чейин мен өзүмдү анчалык эркин сезген эмесмин." 1952-жылы 7-Августта Малколм түрмөдөн чыгат(?).

Нейшн оф Ислам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малколм түрмөдөн чыккандан кийин 1952-жылы Чикагодо Элайжа Мухаммед м-н жолугат. Нейшн оф Исламдын башка мүчөлөрүндөй эле ал да фамилиясын "Х" деп алмаштырат. Ал фамилиясы жөнүндө мындай дейт: "Мусулмандардын "Х"и Африкадагы ататектеринин чыныгы атын көрсөтөт. Ал эми менин "Х"им болсо көк көздүү ак шайтандардын менин аталарыма койгон атынын өзгөрүлүшүн көргөзөт."

1953-жылы мартта Малколм коммунист экенин айтышы м-н Федералдык Чалгындоо Кызматы(FBI) ага файл ачат.

1953-жылы июлда Малколм Нейшн оф Исламдын Темпл Намбр Уанынын Детроиттеги жардамчы министри болот. Кийинчерээк ал Бостондо Темпл Намбр Илевн, Филадельфияда ж-а Пенсилваняда Темпл Намбр Твелфти курат. Ал Харлемдеги Темпл Намбр Севндин лидери болуп чечилет. Мындан тарта ал тез аранын ичинде таанымал боло баштайт.

1952-жылы Нейшн оф Исламга кошулгандан тартып 1964-жылга чейин Малколм бул агымдын идеяларын жайды. Ал ак адамдарды "шайтан" деп айткан.

Малколм, агымдын Элайжадан кийинки экинчи эң күчтүү адамы болгон. Нейшн оф Исламга 1952-жылдан 1963-жылга чейин 25000 ге жакын мүчө кошо алган. Ал Кассиус Клейдин (Мухаммед Али) да бул кыймылга кошулушуна себепкер болот. Бирок Мухаммед Али да Малколм сыяктуу эле Нейшн оф Исламдан чыгып кетет.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1958-жылы ал Бетти Х м-н үйлөнөт. Алты кыздары болот: Аттала(1958), Кубила(1960), Иляса(1962), Гамила Лумумба(1964), егиздер Малак ж-а Малика (1965)

Кастро м-н жолугуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1960-жылы сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассемблеясына келген Кубалык лидер Фидел Кастро м-н жолугушат. Ал Африкалык лидерлер м-н да көрүшөт.

Келишпестиктер ж-а Нейшн оф Исламдан чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малколм Икс Мартин Лютер Кинг м-н,26-Март,1964

1964-жылы 8-мартта Малколм официалдуу түрдө Нейшн оф Исламдан чыкканын билдирет. Төрт күндөн кийин ал Муслим Моск Инкти курат. Ал Нейшн оф Исламдын көз карашына жакын туруу м-н бирге агымдын түшүнүктөрүн жаңырта баштаган. 26-мартта, Вашингтондо Мартин Лютер Кинг м-н жолугушат. Бул жолугушуу болгону бир гана мүнөткө созулуп, эки лидердин биринчи ж-а акыркы жолугушуусу болуп калды.

Кээбир мусулмандар Малколмду чыныгы Исламды үйрөнүүгө үндөйт. Кийинчерээк ал Меккеге ажы зыяратына барат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]