Мальтусчулук

Википедия дан

Мальтусчулук – калайык тууралуу демографиялык теория. 18-кылымдын аягында англиялык экономист Т. Р.Мальтус түзгөн. Анын пикири боюнча калк геометриялык прогрессия менен көбөйсө, жашоо каражаты арифметикалык прогрессия менен өсөт. Эпидемия, согуш ж. б. кырсык аркылуу гана адам саны менен жашоо каражатын дал келтирүүгө болот. Ошондой эле Африка менен Азия өлкөлөрүндөгү калктын тез өсүшү адамзатка коркунуч туудурат имиш деген. А. Пикок, К. Боулдинг жана У. Фогт (АКШ), Ф. Осборн (Улуу Британия), Г. Бутуль (Франция) ж. б. неомальтусчулар өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү калктын тез өсүшү Мальтус теориясын далилдейт деп ынандырууга аракеттенишет. Чындыгында бул өлкөлөрдө социалдык-экономикалык абалдын оңолушу, медициналык тейлөөнүн жакшырышы, натыйжада өлүм-житимдин азайышы азыркы демографияга шарт түзүп жатат. Демографияны жөнгө салуу балдардын төрөлүшүн азайтуу менен эмес, комплекстүү жана прогрессчил социалдык-экономикалык кайра куруу, адам турмушун, эмгек шартын жакшыртуу аркылуу чечүү керек. Бүгүнкү күнү өнүгүп жаткан мамлекеттердеги калктын тез өсүшү мезгил-мезгил менен Мальтустун модификациялык формаларынын кайра жанданып турушуна түрткү берет жана Мальтус теориясы классикалык экономикалык теориянын негизги курамдык бөлүгү деп каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]