Мамбеталиев, Көкөбай

Википедия дан
Мамбеталиев Көкөбай
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Мамбеталиев Көкөбай
Туулган жылы: 1913
Каза болгон жылы: 1976
Туулган жери: Дөң-Алыш айылы, Кочкор району, Нарын, Кыргызстан
Каза болгон жери: Дөң-Алыш айылы, Кочкор району, Нарын, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Педагог, мугалим

Көкөбай Мамбеталиев (1913-1976) - педагог, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1968), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1964).

Алгы сөз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көкөбай агайдан Кызыл-Дөбө орто мектебинде окуп жүргөн кезимде сабак алып калдым. Агайдын жылуу жүзү, окуткан сабактары, айткан акыл кептери али эсимде турат. Агайдан окуп чыккандар орто жаштан өтүп, асты улгайып калышты. Агай тууралуу маалымат Нарын облусунун энциклопедиясында бар. Бирок агай тууралуу Интернетте эчнерсе жок экен.

Көкөбай агай тууралуу Нарын облусунун энциклопедиясында мындай маалымат бар.

Зоологиялык музейден көрүнүш.

Кыскача таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туулганы - 1913, Кочкор району, Дөң-Алыш айылы - өткөнү 1976, ошол эле жер. Педагог.

Наамдары, сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Социалисттик Эмгектин Баатыры (1968),
  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1964).
:Жалпетеков Абдразак менен Мамбеталиев Көкөбай

Ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1951-жылы Каракол шаарындагы Мугалимдер институтунун табият-географиялык факультетин бүтүргөн. 1930-36-жылдары өз айлындагы, 1937-41-жылдарда Сузак, Кара-Суу райондорундагы мектептерде, 1941-61-жылдарда Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө, Талаа-Булак мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1961-76-жылдарда Талаа-Булак орто мектебинде биология мугалими болуп иштеп, анда зоология музейин уюштуруп, 1000дей экспонат жыйнаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган. Ысымы Талаа-Булак орто мектебине ыйгарылган.

Зоологиялык музейден көрүнүш.

Талаа-Булак орто мектебинин Аймак таануу музейи абдан кызык. Музейди Социалисттик Эмгектин баатыры Көкөбай Мамбеталиев көп жылдык эмгеги менен түзгөн. Музейде Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү чагылдырылган. Музей республикалык Зоологиялык музейден калышпайт, андан да дурус десе болот. Музей азыркы убакта толук жаңыртылган.

Агай тууралуу ар кыл баалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көкөбай агай эч качан, эч кимге жаман айтпаган өтө сылык адам болгон. Сабакка келатканда ушундай ачык жүз менен жайдары абалда келээр эле.

Зоологиялык музейден көрүнүш

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал тууралуу китептер, макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • IBSN

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]