Мамбеталиев Жээнбек

Википедия дан

Мамбеталиев Жээнбек (1938–2001) - акын, жазуучу.

Жээнбай Мамбеталиев Тянь-Шань районундагы Оттук айылында 1938-жылы 18-декабрда туулган.
1956-жылы Оттук орто мектебин,
1963-жылы Кыргыз медицина институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1969-жылы врач болуп иштөө менен баштап, республиканын ар кайсы медициналык дарылоо уюмдарында эмгектенген. 1969-жылдан «Ден-соолук» журналынын жооптуу катчысы болгон.
Чыгармачылык жолу 1962-жылдан башталган. «Кышкы убак» аттуу биринчи ыры «Жаш Ленинчи» журналына басылып чыккан. Биринчи китеби болуп аңгемелер жана повести камтылган «Мен сүйгөн сулуу булутум» аттуу китеби эсептелет.
Ж.Мамбеталиев «Карагайчынын уулу», «Гүлдүү арал», «Жылдар чынжыры» аттуу публицистикалык жыйнактардын, ошондой эле 1981-жылы жарык көргөн «Өмүрдүн узактыгы өзүбүздөн» аттуу публицистикалык жыйнактын автору.
Ал В.Маяковскийдин, Р.Рождественскийдин, К.Кулиевдин, Р.Рзанын, Е.Евтушенконун чыгармаларын которгон.
1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан СССР журналисттер Союзунун мүчөсү.
СССРдин саламаттыкты сактоо отличниги, Кыргыз ССРинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Мен сүйгөн сулуу булутум: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1968, – 127 б.

Карагайчынын уулу: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 124 б.

Сезимдеги тактар: -Ф., 1978. - 123б.

Мендеги өчпөс сүйүүлөр: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 72 б.

Гүлдүү арал: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 73 б.