Мамбетов, Дүрбөлөң

Википедия дан

Мамбетов, Дүрбөлөң (1931-1970) - кыргыздын физик окумуштуусу.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элинин белгилүү физик окумуштуусу Дүрбөлөң Мамбетов 1931-жылы 5-майда Кыргызстандын Нарын облусунун Тянь-Шань (азыркы Нарын) районундагы Калинин айылында (азыркы Таш-Башат кыштагында) туулган.

1942/1945-жылдары Калинин атындагы мектепте окуган.

Д. Мамбетов Кыргыз педагогикалык институтунун физика факультетине (1932-жылы Кыргыз педагогикалык институту) тапшырып, 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен бүткөн.

Кыргыз педагогикалык институту И.Раззаковдун демилгеси менен 1951-ж. Кыргыз мамлекеттик университети болуп ачылган).

Ал окууну бүткөндөн кийин, Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгек жолун баштаган.

Д.Мамбетов эмгек жолун баштаган жылдары 1950-1961-жж. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп И.Раззаков иштеген. И.Раззаков республиканын билим берүү жана илимий потенциалын өнүгүшүнө өзгөчө камкордук көргөн. Андан сырткары улуттук кадрлардын өсүп – өнүгүшүнө абдан көңүл бурган. Мына ошондуктан ушундай камкордуктун негизинде көптөгөн кыргыз жаштары билим алууга умтулган.

Дал ушул мезгилде Д.Мамбетовдун илимий – изилдөө иши башталып, 1952-жылдын 1 октябрынан 1955-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик уинверситетинин «Физика» адистигинин күндүзгү окуу бөлүмүндө аспирантурада окуган жана 1955-жылы Ядролук физика боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. Анын кандидаттык диссертациясы ошол кезде абдан баалуу болгон, себеби ядролук физика боюнча адистер жокко эсе эле.

Андан кийин Өзбек ССРинин Илимдер академиясынын ядролук физика Институнда ага илимий кызматкер болуп иштеген. Окумуштуу кийинки илимий – изилдөө иштерин Кыргыз ССР илимдер академиясынын (Илимдер академиясы 1954-жылы ачылган) «Физика жана математика» Институнда лаборатория башчысы катары уланткан.

Таланттуу окумуштуу-физик, физика-математика илимдеринин кандидаты кесиптештери менен биргеликте 70 тен ашык илимий эмгектерди жарыкка чыгарган, алардын ичинде 2 монография жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралдары жазылган. Жасалган илимий-изилдөө иштери Союздук республикаларда жана чет мамлекеттерде чоң маани берилген.

Дүрбөлөң Мамбетовичтин илимий иштери катуу телолор физикасына жана катуу телолордун адгезиондук (жабышуу) байланыштарынын бузулуу механизмине арналган. Анын эмгектеринде негизинен илимдеги жаңы багыт болгон – адгезиялык байланыштардын бузулушундагы жана катуу телолордун талкалануусундагы электрдик кубулуштарды изилдөөгө көңүл бурулган.

Ал өзүнүн эмгектеринде, өзгөчө докторлук диссертациясында «Катуу телолорду адгезиялык жана когезиялык бузууда электрдик кубулуштарды изилдөө», мурда байланышпаган адгезиялык тийишүүлөрдүн иштен чыгышына байкалган газрозряддык жана башка электрдик кубулуштарды, ошондой эле кристалллдарды майдалаганда щелочтук – галоиддик кристаллдардын экзиэмиссиялык кубулуштарды жалпылап, физика – математика илимдеринин доктору окумуштуу даражасына илимий иштерин тастыктап, коргоого даярдап жаткан учурда дүйнөдөн кайткан. Анын докторлук диссертациясына илимий-консультант белгилүү окумуштуу, химия илимдеринин доктору Н.А.Кротова болгон.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги илимий макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Д.М.Мамбетов, С. Халмурзаев. Разделение электрических зарядов при испарении слоя раствора и образовании пленочной структуры на твердой подкладке. – Издательства «Илим». // Физические свойства диэлектрических и полупроводниковых кристаллов. – Фрунзе, 1967.
2. Д.М.Мамбетов, Т. Мусуралиев. Исследование газового разряда при нарушении адгезионного контакта. – // Доклады академии наук СССР.т.180, №3. 1968.
3.В.В. Чердынцев, Д.М.Мамбетов. Определение возраста окаменелых костей палеолита по отношению изотопов тория. – // Оптика ядерные процессы. – Алма-Ата, 1960.
4.В.В. Чердынцев, Д.М. Мамбетов. Исследование эффекта «импульсных реакций». – // Оптика ядерные процессы. – Алма-Ата, 1960.
5. З.Х. Губайдуллин, Д.М.Мамбетов. Оптимальные условия получения препарата Na2 So4 обнаруживающего спонтанные газоразрядные явления. // Журнал физический химии. Том XLIII ¬– М., 1969.
6. Д.М.Мамбетов. Применение радиоактивных изотопов промышленности. – Архив.
7. Д.Мамбетов. Генерация электрических микро-газоразрядов в свежее-кристаллизованных слоях сернокислгон натрия. – Архив.
8. Д.М.Мамбетов. Способы получения атомной энергии и применение ее в мирных целях. – Архив.

Эс тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүрбөлөң Мамбетовдун ысымы туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке коюлган.

Кыргыз элинин чыгаан окумуштуусу Дүрбөлөң Мамбетов жөнүндө эң алгачкы кыскача маалыматты, Кыргыз илимдер академиясынын физика–математика илимдеринин доктору, Шаршен Кенжебаев мындай деп эскерди:

«Ошол кезде жаңыдан калыптанып, өсүп бара жаткан физик-илимпоз кыргыз жаштарынан ичинен өзүнүн талыкпаган эмгеги, окумуштуулугу менен айырмаланган жигит эле. Өмүрү узун болгондо, бүгүнкү күндө физик институтун башкарып, директору болуп турмак. Азыркы жаштар Дүрбөлөң Мамбетов кандай инсан экендигин билбей калдыңар».

Дүрбөлөң Мамбетов жөнүндөгү кийинки маалыматты 1997-жылы Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп турган, химия илимдеринин доктору, академик Үсөн Асанов кеңири айткан. Ал кезде Нарын шаарында Нарын мамлекеттик университети ачылып, Үсөн Асанов жаңы ачылган университетке келип, университеттин окутуучулук–профессордук курамына кыргыз илими жана окумуштуулары жөнүндө 2 саттан ашыгыраак маалымат берди.

Кыргызстандагы илимдин ар кайсы тармактары боюнча корголуп жаткан кандидаттык, докторлук диссертациялар жана айрым бир окумуштуулар жөнүндө айтып жатып, Дүрбөлөң Мамбетовду дагы эскерип, анын илимий иштерин өзгөчө белгилеп айтты.

Дүрбөлөң Мамбетов, структурасунда он молекула сууну кармаган натрийдин суьфатынын кристаллогидраты сырткы чөйрөнүн таасиринин натыйжасында бузулуугв учураган кезде электрдик кубулуштун пайда болоорун эксперимент түрүндө далилдеп чыккан. Натрийдин сульфатынын кристаллогидраты чөйрөнүн таасири тийген учурда, физикалык жактан бузулуп, ошол убакыттарда атмосфераны кандайдыр бир деңгээлде иондоштураарын түрдө аныктаган. Түркмөнстан Республикасындагы Кара-Багаз көлүнүн айланасында эксперимент жүргүзгөндө Дүрбөлөң Мамбетов изилдеген кубулуштун жаратылышта болуп тураары дагы бир ирет далилденген.

2011-жылдын 4-январында Нарын мамлекеттик университетинде иштеген тарых илимдеринин кандидаты Бектемирова Айнагүлдүн жардамы аркылуу Дүрбөлөң Мамбетовдун докторлук диссертациясы менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк алынды. Докторлук диссертация «Электрические явления при адгезионном и когезионном разрушении твердых тел» - деген темада жазылган. Диссертациянын негизги максаты – катуу заттардын когезия жана адгезиялык талкаланууга учураган кезиндеги электрофизикалык кубулуштарды системалык түрдө изилдөө болуп саналат.

Адгезиялык жана когезиялык бузулуу учурунда сырткы курчап турган газ чөйрөсүндөгү электрдик тешип өтүү, ылдам жана акырын кыймылдоочу электрондордун эмиссиясы сыяктуу ж.б. көптөгөн кубулуштар болуп турат. Изилдөөнүн объектиси катары натрийдин сульфаты же мирабилити (натрийдин сульфатынын жаратылыштагы кездешкен минералы) алып, механикалык таасир этүүдөн пайда болгон электрдик эффектилердин пайда болуусун жана бул кубулуштардын кинетикасын, нымдуулуктан жана газдардын басымынан, жаратылышынан болгон таасирин ийне жибине чейин изилдеген. Ошондой эле сууда жакшы эрий турган NH2CE, NANO3, K2SO4, Li2SO4 туздарынын ушул процесстерге болгон таасирин да караган. Мирабилит кристаллы муздаган учурда нымдуулукту өзүнө соруп алары жана температураны жогорулатканда суу кристаллдын үстүңкү бетинен суу бөлүнүп чугуусу, катуу заттын бузулушуна алып келип, кубулушту пайда кылаарын байкаган.

Жогорудагы эксперименттик байкоолордун натыйжасында натрийдин сульфатынын препараты атмосфераны ионшдоштуруучу булак катары кароого мүмкүн экендигине көзү жеткен.

Бул кубулуштун жаратылыштын шартында да болуп калуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала байкаган окумуштуу 1967-жылы июль айында Түркмениядагы Кара-Багаз көлүнүн айланасында экспериментти кайталаганда атмосферадан электирдик эффект кайрдан байкаган. Окумуштуунун илимий божомолу жаратылыштагы кубулуш менен дал келеп, Советтер Союзундагы окумуштуулардын ичинен Дүрбөлөн Мамбетов биринчилерден болуп,аныктап чыккан.

Бул кубулуштун экинчи бир илимий практикалык аспектисин (жагын) карасак, Орто Азия аймагында керамикалык курулуш материалдарынын жана имараттарды, үйлөрдү куруп жаткан бышкан кыштардын бир нече жыл өткөндөн кийин нымдын, абанын таасиринин натыйжасында ак кебер болуп үбөлөнүп бузулушу – Д.Мамбетов аныктаган кубулушка дал келгендиги экендигинин бир белгиси болуп саналат.
Көрсө убакыт өткөн сайын керамикалык материалдагы жана бышкан кирпичтеги абанын, нымдын таасиринин натыйжасында чогулган туздардын курамынын 95% натрий сульфатынан тураарын химия илимдеринини доктору, академик К.Ш. Шатемиров илимий жактан далилдеген.

Д.Мамбетовдун илимий иштери Союздун убагында ар кайсы республикаларда өткөн республикалык жана Бүткүл союздук конференцияларда, симпозиумдарда баяндалганда жана ошол кездеги эң жогорку деңгээлдеги Доклады Академии Наук журналына илимий макалаларынын жарык көрүшү, бул –инсандын жаштыгына карабастан кандай даражадагы илимпоз экендигин көрсөтүп турат.

Ал тууралуу эмгектер тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4) [U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)]

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]