Мамытов Жумаш

Википедия дан

Мамытов Жумаш (5. 3. 1935, азыркы Ысык-Көл областы, Жети-Өгүз району, Ичке-Булуң айылы – 11. 6. 2011, Каракол шаары) – тилчи, профессор (2000), филология илимдеринин доктору (2002), КР эл агартуусунун отличниги (1981). КМУну бүтүргөн (1958). Ак-Суу районундагы Кереге-Таш жети жылдык мектебинде мугалим (1959–60), 1960-жылдан КМУнун аспиранты, ОМПИде ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1963–90), К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин доценти, кафедра башчысы болуп иштеген (1990–2011). Илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинин фонетикасы жана лексикологиясы, неологизмдер, адабий тил ж. б. тармактарга арналган. Ал «Кыргыз тилиндеги неологизмдер» (1966), «Көркөм чыгарманын тили» (1990), «Азыркы кыргыз тили: фонетика жана лексикология» (1999), «Эскирген сөздөр менен диалектизмдердин лингвостилистикасы» (2002), «Кыргыз тили» (2003) окуу китептеринин жана 100дөн ашык илимий, методикалык макалалардын автору. «Манас» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]