Мандоки, Иштван (Коңур)

Википедия дан

Мандоки, Иштван (Коңур) (мажарча - István Mándoki Kongur, 1944-1992) - белгилүү мажар чыгыш таануучусу жана түркологу.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштван Мандоки Коңур 1944-жылы Мажарстанда (Венгрияда) Карцаг (Karcag) жергесинде туулган. Теги мажардык кыпчактардан болгон.

Иштван Мандоки Коңур 1963-68-жылдары Будапешт университетинин түркология бөлүмүндө таалим алган.

Ал бир нече тилдерди (мажар, түркий тилдер, англис, орус, ж.б. тилдерди) дурус билген. Ал билген түрк тилдеринин арасында кыргыз, казак, кумык, кырым-татар, карачай-балкар, ногой тилдери жана орто кылымдардагы европалык кыпчак тили (азыр өлүү тил) бар эле.

Иштван Мандоки Коңур мажарстандык чыгаан түрколог окумуштуу Юлиус Неметтин (Julius Nemeth, 1890-1976) шакирти болгон.

Академик Немет болсо жалпы түрк тилдери, анын ичинде http://kumukia.ru/modules.php?name=Pages&pa=showpage&pid=5004 олуттуу эмгектер жарыялаган.

Иштван Мандоки Коңур 1981-жылы "Венгриядагы кумандардын тили боюнча даректүү булактар" деген темада доктордук диссертациясын коргогон.

Айша Мандоки Коңур айымдын мурдагы күйөөсү - маркум профессор Иштван Мандоки Коңур эле. Бул сүрөт 2007-жылы 30-ноябрда Астана шаарында тартылган.

Ал Бишкекте илимий-педагогдук ишмердүүлүгүн баштоону көксөп жүргөн чагында, 1992-жылы жайында Дагестанда илимий сапарда жүрүп жүрөгүнөн кармап каза болгон.

Өзүнүн керээзине ылайык сөөгү Казакстандын ошол кездеги ордо шаары Алматыга коюлган.

1993-жылы туулуп-өскөн шаары Карцагда Иштван Мандоки Коңурдун коло эстелиги тургузулган (бедизчи - Дь.Шандор - Györfi Sándor мырза).

Иштван Мандоки Коңурдун элесине багышталган эстелик такта өрдо шаар Будапешттин Бела Барток көчөсүндөгү № 52-үйдүн дубалына тагылган (2009-жыл).

Анын жубайы - теги казак Айша Мандоки Коңур азыр Будапештте жашайт.

Алматы шаарынын көчөлөрүнүн бирине (мурдагы "Кызыл партизандар" көчөсүнө) Иштван Коңур ысымы берилген.

Илимий мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштван Мандоки Коңур түркология жана ар кыл түрк калктарынын тили жана этнографиясы боюнча 30дан ашуун эмгектер жазган.

1986-жылы Ташкенде өткөн Туруктуу алтаистика жыйынына (ПИАК) катышкан, андан соң Кыргызстанга, Казакстанга, Түндүк Кавказга илимий сапар менен келип кетип турган.

Кыргыз таануу жаатындагы ойлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштван Мандоки Коңурдун элесине багышталган эстелик такта

Иштван Мандоки Коңур Кыргызстанды жана кыргыз адабиятын астейдил үйрөнгөн.

Анын замандаштарынын бири - кумык акыны Бадрутдин Махаммадов 1992-жылы август айында Иштван айткан мындай сөздү жазып калтырган:

"Тил жаатында Түгөлбай Сыдыкбековду кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен бир жерге чогуу алып карасак, анда төө менен аргымактай эле болуп калат. Эгерде Чыңгыз кыргызча жазса, анда эмгеги мынчалык мыкты которулбай болчу. Ал орус тилинде жазганы үчүн аны дүйнө тааныды... Эгерде Чыңгыздын атасын комунисттер өлтүрбөгөн болсо, балким, ал анда кыпкызыл коммунист болмок. Акыры ал эң жогорку өнөр дареметинин кубаты менен өз атасынын өчүн алды".

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Mándoki István: Néhány kun eredetű nagykunsági tájszó (Nyelvtud. Közl., 1971)
  • Mándoki Kongur, István. A kun nyelv magyarországi emlékei / István Mándoki Kongur. - Karcag : Karca Város Önkormányzata, 1993. - 193 S.

Ал тууралуу эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]