Манила

Википедия дан
Манила
тагал. Maynila
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Филиппиндер

Джозеф Эстрада

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1574

Биринчи белгиленген

1574

Мурунку аталышы

Линисин, Икарангал енг Майнила

Аянты

38,55

Климатынын түрү

субэкватордук

Калкы
Калкынын саны

1 660 714 (2007)

Жыштыгы

43 079 адам/км2

Этнохроним

манилалык, манилалыктар

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+8

Телефон коду

2

http://www.manila.gov.ph/

Манила (тагал. Maynila, Майнила; англ.  жана исп. Manila) – Филиппин Республикасынын борбор шаары. Лусон аралынын түштүк-батышында, Манила булуңунун жээгинде (Түштүк-Кытай деңизинин алабы) жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2006). Манила өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору. Чоң Манила шаар айланасында жайгашкан айыл муниципалитеттерин жана шаар-спутниктерди [Кесон-Сити (өлкөнүн расмий борбору), Калоокан, Мандалуйонг, Малабон, Макати, Сан-Хуан-дель-Монте, Параньяке, Пасай, Навотас (балык кармоочу гавань)] камтыйт. 1571-жылы тагал княздыгынын борбору болгон. Кийинчерээк испандар басып алып, Филиппиндин административдик борборуна айланган. 1898-жылы АКШнын колуна өткөн. 1935-жылдан Филиппин автономиясынын, 1946-жылдан Филиппин Республикасынын борбору. Пасиг дарыясы шаарды экиге бөлүп агат. Өкмөттүк ишканалар жана шаардын эски бөлүгү – Интрамурос (мурунку испан чеби) Маниланынтүштүк бөлүгүндө жайгашкан. Жеңил, тамак-аш, полиграфиялык, жыгаччылык, химиялык, машина куруу өнөр жай ишканалары, верфтер иштейт. Университеттер, улуттук жана Санто-Томас музейи, театр, сүрөт галереясы, китепкана бар. Сан-Агустин чиркөөсү (1599–1614) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]