Мания

Википедия дан

Манияпсихиканын бузулушу; көңүлдүн көтөрүңкүлүгү, ой жүгүртүүнүн ыкчамдыгы, эмгекке ашкере берилүү, сүйлөөктүк мүнөздүү. Ноокас бир мезгилде бир нече ишти баштайт, бирок биринин да аягына чыкпайт, айланасындагылардын ишине ыксыз кийлигишет, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ашкере баалашат. Тамакка табити азаят, уйкусу качып, жыныс бездеринин иштөөсү бузулат. Көбүнчө мания-депрессиялык психоздо, ошондой эле башка ооруларда (шал болгондо, карылык психозунда, мээге доо кеткенде, айрым ууланууларда жана жугуштуу ооруларда) да болот.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8