Ишенбай Мансуров

Википедия дан
Мансуров Ишенбай‎»‎ барагынан багытталды)

Мансуров, Ишенбай (1936–1988) - акын жана жазуучу.

Ишенбай Мансуров Ысык-Көл районуна караштуу Орто-Өрүктү кыштагында 1936-жылы 29-декабрда туулган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радио уктуруу жана телекөрсөтүү боюнча комитетинде редактор, башкы редактордун орунбасары болуп иштеген. 1974–1975-жж. «Кыргызстан» басмасында бөлүм башчы, «Ала-Tоо» журналында проза бөлүмүнүн башкы редактору болуп иштеген. Кийинки жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКда адабий консультант болуп иштеген.

И.Мансуровдун чыгармачылык жолу 1953-жылы, Фрунзедеги №5 орто мектебинде окуп жүргөн кезинде, «Кыргызстан пионери» гезитине алгачкы ыры чыккандан башталат. «Керимсел» аттуу алгачкы ырларынын жыйнагы, студенттик кезинде, 1961-жылы жарык көргөн.

70-жылдарда таланттуу автордун «Ак Бугу» повести Кыргыз ССРинин Компартиясынын 60 жылдыгына арналган жалпы республикалык конкурсунун башкы сыйлыгына ээ болгон. И.Мансуров бир нече жылдары кыргыз радиосунда «Кутмандуу күнүңөр менен» деген белгилүү берүүнүн редактору болуп эмгектенген. Элдин ичинде ырдалып жүргөн «Мекеним», «Айтылбай калган махабат», «Сейилде» ж.б. ырлардын сөзүнүн автору.

И. Мансуров 1967-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1972-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак Грамоталары менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Керимсел. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 74 б.

Кош бүчүр. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 35 б.

Мекендин саябанында. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 75 б.

Дайыма күн болсун. Мектеп, – Ф.: 1974. – 88 б.

Мамбет: Повесть, аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 184 б.

Ак бугу: Повесттер, аңгемелер, ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. – 320 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]