Манты

Википедия дан
Манты (тамак)‎»‎ барагынан багытталды)
Манты
Пайда болгон өлкөсү

 Түркия

Manti
Манту-каскандагы мантулар
Корей мандусу

Түймө же манты, мантуу – Борбордук Азия, Түркия, Монголия, Корея («манду́» (кор. 만두, 饅頭) ж.б. аймактардагы элдердин эттен жасалган салттык тамагы. «Манты» сөзү кытай тилиндеги «варвардын башы» деген маанини туюндурган маньтоу (классикалык кыт. 饅頭, жөнөкөйлөштүрүлгөн кыт. 馒头 , пиньинь: mántóu) сөзүнөн алынган.

Фарш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбордук Азияда мантынын фаршына эт, куйрук май, ич май, уйдун бөйрөк майы, пияз, картошка кошулат. Айрым учурларда ашкабак да пайдаланылат.

Ал эми Монголияда фарш уй, эчки, жылкы, төө же чочконун этинен жасалат. Даамдын ар түрдүүлүгү үчүн куш этинен аралаштырган учурлар да кездешет. Мунун менен катар фаршка желин, төөнүн өркөчүнүн майы, куйрук май кошулат. Жашылча-жемиштердин ичинен сабиз же башка деле жашылчаны кошуп жасагандар да болот.

Ашкабактан жасалган кытай бао-цзысы

Дунгандар менен уйгурлар мантыга жусайды кошконду жакшы көрүшсө, Кытайдын деңизге жакын жерлеринде жашагандар ага креветкилерди да аралаштырышат.

Түрк мантысы

Түркияда манты абдан майда түйүлүп, сарымсак, айран менен аралаштырып, үстүнө сары май жана соус куюлат да, кооздук үчүн райхан себеленет.

Жасалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атайын белендеп койгон камыр жайылып, төрт бурчтук формасында кесилет. Андан кийин үстүнө фарш салынып, манты-каскан же манты-казан деп аталган табактарга тизилип, бууда 30-50 мүнөт аралыгында бышырылат.

Кытайдын Шинжаң уйгур автономиясында мантынын курамындагы витаминдерди сактап калуу максатында болгону 20-30 мүнөт гана бууга коюп, бышыргандар кездешет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мантыга эң окшош тамак монголдордун «бууз» деп аталган тамагы болуп эсептелет. Бууз да манты сыяктуу жасалат.

Азыркы күндө Кытайда мантыга окшош «бао-цзы (кыт. 包子, bāozi; дунг. бо́зы),» деген тамак бар. Ал эми «маньтоу (классикалык кыт. 饅頭, пиньинь: mántou)» деген тамагы ичинде эч нерсе салынбай эле жөнөкөй түрдө бышырылган нандын бир түрүн билдирет. Ошондой болсо да, айрым тарыхчылардын маалыматына караганда Байыркы Кытай маньтоусу кудум бүгүнкү борбордук азиялык мантыга окшош болгон. Хан сулалесинин кыйрашы жана Үч падышачылык доорун баяндаган орто кылымдардагы кытай жазуучусу Ло Гуаньчжундун «Үч падышачылык» аттуу эмгегинде «маньтоу» кандайча пайда болгондугу тууралуу кеп жүрөт. Анда «мандын башы» түшүнүгүн берип, анын арбактарга арналып курмандык чалынган адамдын образын чагылдырып турары элестелгендиги айтылат.

Жапондордун «манжуу (饅頭)» деген жумшак нанды билдирүүчү сөздүн мааниси кытай тилиндеги «маньтоу» сөзү менен тектеш.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]