Манчини, Ханна

Wikipedia дан
Ханна Манчини
Hanna Mancini
Туулган жери

Калифорния, АКШ

Активдүү жылдары

2011 — азыркы убакыт

Өлкө

Sloveniach.png Словения

Кесиптери

ырчы

Жанрлары

поп-музыка

Ха́нна Манчи́ни (англ. Hanna Mancini); АКШнын Калифорния штатында төрөлгөн) — америкалык аткаруучу жана ырлардын автору, Еврокөрүнүү 2013 ыр сынагындагы Словениянын өкүлү.

Биографиясы[оңдоо]

АКШнын (Түндүк Калифорния), кийин ата-энеси менен Колорадого, анан Лос-Анжелеске көчкөн. Бир нече жылдан соң Словениянын жараны Грегориге күйөөгө чыккан. Көп өтпөй жубайлар Словенияга көчүшөт. Ханна эми Европада жана АКШда ырдоону чечкен. Мурда ал көп дүйнөлүк сахналарда ырдап турчу (аны менен бирге АКШда дагы). Sylvain жана Mike Vale аттуу диджейлер менен чогу Словениянын Еврокөрүнүү 2011 ыр сынагынын улуттук тандоосуна катышкан. «Ti si tisti» («Сен гана») деген ырды аткарып сынактын финалына жетпей калган[1], бирок словен радиостанцияларында популярдуу болуп калган. Бир нече жылдан бери Xecutifz тобунун солисти болуп жүрөт.

Еврокөрүнүү 2013[оңдоо]

2013-жылдын 1-февралында Словениянын RTV Slovenija улуттук каналы жабык тандоо аркылуу Ханнаны Еврокөрүнүү 2013 ыр сынагына Словениядан өкүл катары тандап алган[2][3][4]. 14-февраль күнү «Straight Into Love» аттуу ырдын бет ачаары болгон, бул ырды ырчы айым 2013-жылы 14-майда сынактын экинчи жарым финалында аткарат[5].

Дискографиясы[оңдоо]

Синглдери[оңдоо]

Жыл Аталыш Орун Альбом
Flag of Slovenia.svg
Top Slovenija

[6]
2011 «Ti si tisti» (Sylvain жана Mike Vale менен биргеликте) 14 TBA
2013 «Straight Into Love»
Мурунку:
Ева Бото
Словения Еврокөрүнүү ыр сынагында
2013
Кийинки:

Эскертмелер[оңдоо]

  1. Видеозапись «EMA 2011» на официальном сайте Евровидения. Ханна Манчини — таймкод 31:22 (sl). eurovision.tv. Түп булактан архивделген күнү 7 Сентябрь (Аяк оона) 2012.
  2. Slovenijo bo na Evroviziji predstavljala Hannah! (sl). MMC RTV Slovenija. Түп булактан архивделген күнү 13 Февраль (Бирдин айы) 2013.
  3. Hannah gre na 58. izbor za Pesem Evrovizije (sl). MMC RTV Slovenija. Түп булактан архивделген күнү 13 Февраль (Бирдин айы) 2013.
  4. Slovenia: Hannah to Malmö (en). ESCtoday.com. Түп булактан архивделген күнү 13 Февраль (Бирдин айы) 2013.
  5. Hannah potuje na Evrovizijo s skladbo Straight into Love z dodatkom dubstepa! (sl). MMC RTV Slovenija. Түп булактан архивделген күнү 16 Февраль (Бирдин айы) 2013.
  6. Наивысшие позиции синглов в хит-параде «Top Slovenija»:

Ссылки[оңдоо]