Марвази, Шараф аз-Заман Тахир

Википедия дан

Шараф аз-Заман Тахир Марвази – 11-12-к. селжук султандарынын аксарайында кызмат кылган дарыгер, энциклопедиячы-илимпоз.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шараф аз-Заман Тахир Марвазинин өмүр баяны ж-дө маалымат жок.

“Марвази” деген ысмына (ныспасына) караганда Мерв шаарында (азыркы Түркмөнстандагы Мары шаарында) туулса керек деп жоромолдонот.

Ал Борбордук Азиянын түштүк-батышында жана Ортоңку Чыгышта Селжуктар мамлекетинде аксарай дарыгери катары кызмат кылган.

Анын 1120-ж. араб тилинде жазылган “Табаиъ ал-хайаван” (“Айбанаттардын табигый касиеттери”) эмгеги бизге жеткен.

Марвази жана кыргыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул “Табаиъ ал-хайаван” аттуу эмгекте орто кылымдардагы кыргыздар ж-дө да эскерилип, алар мусулман элдери м-н коңшу жашап калгандан баштап, маркумдун сөөгүн өрттөбөй, жерге көмө башташканы чагылдырылат.

«Түрктөрдүн катарына хирхиздер да кошулат, жайкы чыгыш (Түндүк-чыгыш) менен түндүк аралыгында жашаган көп сандуу эл. Кимактар алардын түндүгүндө жашайт, ягма жана харлухтар – батышында, Куча менен Арк кышкы батыш (түштүк батыш) жана түштүгүндө (аларга жараша жайгашкан)». «Хирхиздерде өлгөндү өрттөө бар, алар «от тазартып, адал кылат» деп айтышат. Алардын салты мына ушундай болчу. Качан мусулмандарга коңшу жайгашкандан тарта өлгөндөрдү көмө башташты», - деп жазган ал-Марвази.

Кыргыздардын мусулмандарга коңшу жашап калышы жана ата салтындагы өзгөрүүлөрдүн жүрүшү - илим үчүн эң маанилүү даректер. Анткени кыргыздардын Эне-Сай, Алтай, Түндүк-Батыш Монголиядан (Кыргыз-Нордон) Теңир-Тоонун чыгышына – тарыхый Чыгыш Түркстанга жер которушу, алардын этностук курамынын эле эмес, жалпы чөлкөмдүн этностук курамынын өзгөрүшүнө себеп болду.

Демек, кыргыздардын айрым бөлүктөрү тээ 11-кылымдын акыры – 12-кылымдын башында эле (монгол калайманынан жүз-жүз элүү жылдай мурда эле) мусулмандар менен коңшу болуп, четинен мусулман салтын кабыл ала баштаган.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ал-Марвази Шараф ал-Заман Тахир. Глава о тюрках из трактата / Публ., пер. и введ. А. Храковского // Труды сектора Востоковедения АН КазССР. 1959. – Алма-Ата, 1959. - Т. 1.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (VII к. башы — XVIII к. аягы): Экинчи бөлүк: Орто мектептин 7-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 128 б.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Заходер Б.Н. Каспийский свод сведений о Восточной Европе. T.II. Булгары, ма­дьяры; народы Севера, печенеги, русы, славяне. - М.: Наука, 1967. - С.35, 36, 39, 63.).

Интернеттеги шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]