Массачусетс (штат)

Википедия дан
Массачусетс‎»‎ барагынан багытталды)
Массачусетс.

МассачусетсАКШнын Түндүк Ат­лантика жээгиндеги штаты. Аянты 21,4 миц км2. Калкы 5,7 млн (1970). Административдик борбору—Бостон шаары. Массачусетс—кал­кы жыш отурукташкан жанa экономикасы өнүккөн штат.

Өнөр жайынын башкы тармактары — машина куруу жана жеңил өнөр жай Радиоэлектроника, электро-техника өнөр жай жабдууларын (станок, текстиль, бут кийим тигүү машиналарын) чыгаруу, кеме куруу, текстиль (негизинен жүндөн), булгаары бут ки­йим, химия, резина, кагаз, полигра­фия ж. б. Өнөр жай ишканалары иштейт. Электр станцияларынын кубаттуулугу 6,4 млн кет (1970).

Ядро энергетикасы өнүгүүдө. Айыл чарбасы сүт, жумуртка, жашылча өндүрүүгө багытталган. Айыл чарба продукциясынын 1/2ин мал чарбасы берет. Балык кармалат. Эки университет бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977.
  • Jones, Daniel. (1997) English Pronouncing Dictionary, 15th ed. Cambridge University Press. ISBN 0-521-45272-4

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]