Материянын кыймылынын формалары

Википедия дан

Материянын кыймылынын формалары – Материалдык объектердин өз ара аракеттенишүүсүнүн жана кыймылынын негизги типтери. Ар бир телого бир нече Материянын кыймылынын формалары мүнөздүү. Материянын кыймылынын формалары илимий классификациялоодо төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

1.Материалдык объекттер – кыймылды алып жүрүүчүлөрдүн спецификасы;

2.Белгиленген кыймыл формасына мүнөздүү жалпы закондордун болмушу;

3.Материянын тарыхый өнүгүүсүнүн жана кыймылынын эң жөнөкөй формасынан татаал формасына чейинки законченемдүүлүк. Бул талаптарга ылайык Материянын кыймылынын формалары үч негизги тобу бөлүп каралат: 1.Органикалык эмес табияттагы;

2.Жандуу табияттагы;

3.Коомдогу. Органикалык эмес табияттагы материянын кыймылынын формалары мейкиндиктеги жылышуулар, элементардык бөлүкчөлөрдүн жана талаалардын – электро-магниттүү, гравитациялык, кыймылдары; жана башка. Жандуу табияттагы материянын кыймылынын формалары – организмдеги зат алмашуу, бүткүл биосферанын Жердин жаратылыш системалары жана коом менен өз ара аракеттенүүсү, байланышы жана башка кирет. Коомдогу материянын кыймылынын формалары – адамдардын аң-сезимдүү ишмердүүлүгүн көп жактуу көрүнүштөрү жана башка камтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8