Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университети (Кыргыз-Кувейт университети)

Википедия дан

Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университети (мурунку Кыргыз-Кувейт университети) 1999-жылы ачылган.
Акысыз билим берүүчү мамлекеттик эмес мекеме. Котормо, укук таануу, журналистика, араб тили жана адабияты, экономика боюнча адистерди даярдайт.
Университетте араб тилин араб өлкөлөрүнөн келген профессионал тилчилер окутушат.
Окуу жайда журналистика бөлүмүнүн студенттери үчүн ачылган чакан телестудия бар.