Махмуд Эсембаев

Wikipedia дан

Махмуд Эсамбаев (1924-) –таланттуу бийчи , кыргыз маданиятынын түптөлүшүнө зор салым кошкон таланттардан бири.

Өмүр баяны[оңдоо]

Анын улуту чечен.
1944-жылдагы Түндүк Кавказ элдерин депортациялоонун натыйжасында Кыргызстанга келген.
Кыргыз балетинин тарыхында өзүнүн аты калган таланттуу бийчи, балет өкүлү Махмуд Эсембаев 1924-жылы Кулжа айынын (июль) 15 Чечен Республикасын чет жакасындагы "Старые Атаги" аттуу чечен айлында төрөлгөн.
Бала чагынан бийге шыктуу болуп, музыка жан-дүйнөсү менен берилген адам эле.
Анын бул талантына атасы Алисултан Эсамбаев каршы болгон.
Канча жолу бий ийримине катыштырбай, андан алаксытуу максатында башка иштерге орноштурганда да ал өзүнүн максатынан, каалоосунан кайткан эмес.
Он жашка толгондо МоскваМосквага хреографиялык училищеге тапшырууга келген.
Аны окуткан мугалимдери Махмуддун талантына тан беришчу, бирок бир айдан соң аны айылдаштары таап, качып келген Махмудду атасына кайтарып алып барышкан.
Атасынан катуу жаза алып, ошол жерде наавайканага иштеп калган.
Бирок өзүнүн талантын таштаган эмес, кайсы жерде жүрбөмүн талантын элге тартуулачу.
Махмуд Эсамбаев 2000-жылы Үчтүн айынын (январь) 7 дүйнөдөн кайткан.
Анын ысымы Москвадагы «Орусия Федерациясынын эстрада жылдыздары» галереясына жазылган жана анын эстелиги Подмосковьеге коюлган.
Азыр М.Эсамбаев атындагы искусство мектеби жана кайрымдуулук кору таланттуу балдарга жардам берип келуудө.

Ишмердүүлүгү[оңдоо]

1939-жылы Чечен АСССРиндe Мамлекеттик ыр жана бий ансамбли уюшулган жана анда мастер болуп жаш Махмуд эмгектенген.
Ансамблда Махмуд орус, азербайжан жана армян бийлерин жеке номерде мыкты аткарчу.
Махмуд оор жашоону тандап алды, атасы бир туган байкелери аны көргүсү келген эмес, бир гана апасы жана улуу эжеси Пада жашырын барып анын концертин көрүшчү.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда анын туугандары жана жакын –достору майданга аттанышкан.
1941-жылы августта Махмуд Эсамбаев жетектеген концерттик бригада фронко кеткен.
Алар согуш талааларында концерттик номерлерди аткарып жатышты.
Концерттик бригада Ростовдо, Новочеркасста, Пятигорскто жоокерлерге концерттерин тартуулашты ар бир концерт шаңдуу коштоолор менен өтүп жатты.
Бирок, Махмуд Эсамбаев жана анын жакындарынын жашоосу күтүүсүз бурулушка туш болду.
Себеби, 1944-жылы И.В.Сталиндин буйругу менен Түндүк Кавказ элдери Чыгышка депортацияланган.
М.Эсамбаевдин үй-бүлөсү Кыргыз ССРине келди.
Депортация Эсамбаевдерге оор таасир калтырды: апасы каза болуп, атасы бат картайып кетти жана тез-тез ооруучу болду.
Кайгы-муң ата баланы жакындатты.
Махмуд 1944-жылы ноябрдан тартып кыргыз мамлекеттик Ленин ордени опера жана балет театрына иштеп калат жана бир бөлмөдө атасы менен жашап калат.
Театрдын коллективтивижылуу мамиле менен кабыл алышты. Анын бийге болгон сүйүүсү бардыгын багындыра алган.
Бул жерден ал медицина институтунун студенткасы Нина Ханумянц менен баш кошуп Стелла аттуу кыздуу болушкан.
Спектаклдагы эпизоддук ролдордо элдик бийлери менен Махмуд көрүүчүлөрдү өзүнүн багындыра алды.
Бирок анын тилеги башкы ролду аткарууда болгон.
Ошентип, 1951-жылы тажрыбалуу педагог жана балетмейстер Иван Кириллович Ковтунов менен таанышып , ал койгон «Бахчисарай фонтанында» башкы ролду аткарган.

   И.К.Ковтунов  Фрунзеге келгенге чейин Ленинград академиялык опера жана балет теарында улуу, таланттуу советтик хареограф, мастерлер: Ф.В.Лопухов, Р.В.Захаровдор  менен иштешкен.

«Бахчисарай фонтанында» иштөө ийгилктүү аяктап, М.Эсамбаев «Кызыл мак» жана «Ресторандагы бий» балеттерин чон жетишкендик менен аткарган.
Бул ийгиликтерден улам Ковтунов жаш бийчиге башкы ролду ойноого ишеним көрсөттү жана 1952-жылы «Тарас Бульбанын» башкы ролун М.Эсамбаевге берген.
«Тарас Бульбанын» премьерасы 1952-жылы мартта өткөрүлдү.
М.Эсамбаевдин аткаруусунда залда Тарас Бульбанын пайда болушу көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна ээ болду ажан алар Гоголдогу чыныг тарасды көргөндөй сезимдери менен кол чаап жатышты.
Махмуд Эсамбаев биздин республикадагы хореографиянын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.
Ал дүйнө элинин жашоосун чагылдырган улам жаны бий-новеллалардын толкунун жаратуунун тилек кылган.
1956-жылы Махмуд театрдан кетип, Филармонияга иштеп калат.
М. Эсамбаев эскерет: «элдик бий чыгармачылыгына кайрылуу чечими пайда болду менде, чындыгында, ошол мезгилдеги СССРдин элдик бий Мамлекеттик ансамблин жетектеген Игорь Моисеевди мен өзүмдүн руханий ата катары эсептейм.
Анын ансамблдеги тажрыйбалары менин аркетимдеги тактыкты, реалдуулукту жартты».
Москвада өткөн Элдик бий боюнча Бүткүл союздук конкурска катышып , лауреттык наамды алып кайткан.
Ал Бүткүлдүйнөлүк жаштардын фестивалына катышып, көпчүлүктүн алкоосуна ээ болуп ордендин эээси болуп кайткан.
Ушундан тартып ал Москвага, өзүнүн мекени болгон Грозныйдагы Чечен-Ингуш филармониясына гастролго барып турган.
1959- жылы М.Эсамбаев «советтик балет жылдыздары» (12кишиден турган) тобуна мүчө болуп, Францияга, Түштүк Америкага гастролго барып келет.
Чет мамлекетке гастролдоп келген сон ал өзүнүн «дүйнө элдеринин бийи» программасы алдында өзүнүн коллективин түзгөн.
Ал бул программасы менен СССРди гана эмес дүйнө элдерин багындыра алган.

Наамы[оңдоо]

Ал элдерге бийдеги эргүүнү тартуулап, адамдын тынчык тууралуу тилеги, достук, бир туугандык, элдердин биримдигин өзүнүн бийи аркылуу жеткире алды.
Ал биздин өлкөдөгү балеттин өнүгүшүнө чон салым кошкан кыргыз элинин сүйүктүү чыгармачыл адамдарынын бири, советтик ошол мезгилде жакшы өнүккөн хореографиянын мыкты өкүлдөрүнүн бири болгон.
Бул эмгеги аны Кыргыз ССРинин эл артисти наамына татыктуу кылган.
Өжөр элдин өкүлү Махмуд Эсамбаев элдердин биригүүсү, жакындашуусу үчүн өзүнүн өмүрүн арнаган адам болгон.
Анын репертуары дүйнөнүн ар элдеринин бийинен турган.
Анын чыгармачылыгынын негизги өзөгү достук, сулуулук, ынтымак, тынчтык болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Абубакирова А.К.Дятленко П.И. "Обыкновенные жизни необыкновенных людей". –Б., 2009