Машыгуу

Википедия дан

Дене тарбия көнүгүүлөрү менен үзгүлтүксүз машыгууда организмде бир катар морфологиялык жана физиологиялык өзгөрүүлөр жүрөт.

Мындай өзгөрүүлөр ички органдардын жана системалардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, башкаруу механизмдерин жакшыртат. Натыйжада организм чындалып, айлана-чөйрөдө аба ырайынын бузулушуна жана башкалар жагымсыз өзгөрүүлөргө туруктуулугу жогорулайт. Организмдин кара жумушка чыдамкайлыгы күчөп, келбети жакшырат. Машыгуудан нерв системасы да чыңдалып, кыймыл-аракети арбып, күч кошулат. Кандын составында эритроциттердин саны жана гемоглобин көбөйүп, кандын кычкылтекти ташуу функциясы жакшырат. Булчуңдарда, жүрөк булчуңунда жана мээде энергиялык заттар топтолот. Таяныч-кыймыл аппаратында да бир катар өзгөрүүлөр байкалат: сөөктөрдүн жана байламталардын бекемдиги, булчуңдардын көлөмү, салмагы жана күчү артат. Үзгүлтүксүз Машыгууда дем алуу булчуңдары өөрчүйт. Жай жана терең дем алып, дем чыгаруу актысы бир аз узарат. Жүрөктүн жыйрылуу күчү артып, согуу ылдамдыгы жайлайт. Үзгүлтүксүз машыгуу талапка ылайык. Жумасына экиден кем машыгуунун натыйжасы аз.

Спорттук машыгуунун ийгилиги спортсмендин ар тараптуу даярдык деңгээлине жараша болгондуктан спортсмен өзү тандап алган спорттун түрүнөн тышкары гимнастика, жеңил атлетика, спорттук оюндар, лыжа тебүү жана башкалар менен машыгуулары зарыл. машыгуу убактысы, көнүгүүлөрдүн саны, аткаруу тартиби ар бир машыгуучунун жашына, жынысына, ден соолугуна, спорттук даярдыгына жараша белгиленет. Спортсмендер тамеки тартуу, ичкилик ичүүгө болбойт. Аз эле өлчөмдөгү никотиндин жана алкоголдун таасиринен да борбордук нерв системасынын иши басаңдап, ишке жөндөмдүүлүк начарлайт. Системалуу, туура уюштурулган машыгуу катуу чарчатпайт. Бирок машыгууну көбөйтө берүүгө болбойт. Организмдин ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жардам берүүчү эс алууну туура уюштуруу зарыл. машыгуу жана эс алууну туура уюштурбоодон организм өтө чарчап-чаалыгып, машыгуу табы бузулат. Мындай абалда врачтын жардамы жана анын көрсөтмөлөрү керек. Табы бузулганда 1—2 жумага чейин машыгууну токтотуп, активдүү эс алуу, таза абада көбүрөөк болуу керек. Эгерде мындай чаралар өз убагында көрүлбөсө, анда организмдин калыбына келүүсүнө көп убакыт (1 — 2 ай) жана врачтык жардам талап кылынат. Машыгуу табы бузулганда спорттук мелдештерге катышууга болбой тургандыгын эстен чыгарбоо зарыл. Ал эми машыгуунун туура уюштурулушу спортсмендин даярдык деңгээлин жакшыртат, аны спорттук формага ээ кылат. Спорттук форма — кишинин эң мыкты машыгуудан табына келген абалы. Бул учурда спортсмен өзүн эң жакшы сезет жана спорттук ири ийгиликтерге жетишет. Спорттук машыгуу мезгилинде такай врачтын көзөмөлү жана өзүн-өзү текшерип туруу зарыл.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8