Мевлана Желаледдин Руми

Wikipedia дан

Башат[оңдоо]

Мевлана Желаледдин Руми 1207-жылы азыркы Ооганстандын Балх шаарында жарык дүйнөгө келген.Атасы азан чакырып койгон аты -Мухаммед Желаледдин. Шейхтердин,мусулман аалымдарынын титулуна айланган Мевлана деген ысым ага кийинчерээк ыйгарылган. Араб тилинен алынгын бул сөз "эгебиз","кожоюнубуз" дегенди билдирет. Ал эми ошол учурда чыгарма жазган мартабалуу адамдар өз мекенин псевдоним катары пайдалангандыгына байланыштуу Мухаммед Желаледдин шарттуу түрдө Руми деген кошумча атка ээ болгон.Башкача айтканда,өзгө элдер Мевлана жашап өткөн бүгүнкү Анадолу чөлкөмүн ал кезде Рум жергеси деп аташчу.
Желаледдин Руми бала кезинен тартыл эле төрөлүп-өскөн Борбордук Азия аймагындагы фарсий жана түркий элдердин уламыш,дастан,жөө жомок өңдүү оозеки чыгармаларын кан-жанына сиңирип,грек философиясы менен диний китептерди көп окуган.
Натыйжада сабаты эрте жоюлуп,руханий жактан калыптанып калган Мевлананын андан ары өсүп-өнүгүүсүнө атасы Бахаддин Велед өзгөчө салым кошкон.Жондотуп айтканда,медреселерде дарс окуп дасыккан,"Аалымдардын султаны"деген жогорку наамга татыган,терең билимдүү Веледдин таалим-тарбиясы болочоктогу даанышмандын "жолчырагына"айланган.

Чексиздикке кеткен жол[оңдоо]

Тилекке каршы,жергиликтүү бийлик ээлери менен айрым философтордон ыдык көрүп,өлкө ичиндеги саясий окуялардан тажап турган Бахаддин Веледди монгол баскынчыларынын желаргысы түйшөлтө баштайт.Ушундан улам журт которууга аргасыз болгон Веледдин үй бүлөсү Батышты көздөй багыт алып,акыраягында азыркы Түркиянын Конья дубаны муфтий, мударис жана диндар аалымдардын очогуна айланган.Анан калса, Чыңгыз хандын скерлеринен качкан Бахаддин сыяктуу даанышмандар дал ушул чөлкөмгө келип баш калкалашкан.
Тагдырдын буйругуна жараша Коньяда жашап калган Желаледдин ал жерден араб,перси,грек жана түрк тилдерин үйрөнүп,ошол тилдердин баарында сабаттуу жазганды өздөштүрөт.Дин илимин терең изилдеп отуруп,сопучулук агымына сүнгүйт.
Бүткүл өмүрүн Кудай таанууга жумшап,өлкөнүн эң бир танымал аалымына айланган Бахаддин Велед 1231-жылы жарык дүйнө менен кош айтышат.Ошентип,24 жашында атасынан айрылган Мевлананын мойнуна ислам динин даңазалоо жана сопучулуктунсырларын карапайым элге жайылтуу жумушу жүктөлөт.
Рухий жактан бир кыйла телчигип,атак-даңкы алыска угула баштаган Мевлана медреселерде дарс окуп,шакирттерине жол көрсөткөндөн сырткары, өз билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө көбүрөөк эмгек сарптайт.Атасы менен үзөңгүлөш жүргөн Саид Бурханеддин өңдүү мартабалуу аалымдардын "булагынан" суу ичет.

Көкүрөк көз[оңдоо]

Айтор, ар тараптан бышып жетилген Желаледдин Руми 1244-жылы жүзүнөн нур төгүлгөн Шемси Тебризи аттуу дербишке кезигет.Ошол жолугушуудан соң бардык жумуштарын токтотуп коюп,бир бөлмөнүн ичинде Тебризи менен күндөп-түндөп сырдашкан Мевлананын дүйнөтаанымы кескин өзгөрүп,"көкүрөк көзү" ачылат.Дербиштин жүзүндөгү Ыймандын шооласынан суктанган Желаледдин ал ансайын ага тартылып жанынан карыш чыкпайт.Эки көсөмдүн кызыктуу маеги улам тереңдеп,убакыт учкан куштай өтө берет.Тилекке каршы, улам дербишке ык тартып,диний чөйрөдөн аылстап бараткан Мевлананын бул жоругу шакирттери менен жакын санаалаштарын тынчсыздандырган.Анан алар Шемси Тебризиге карата кутум уюштурушуп,ал жөнүндө эл арасына ар кандай ушак-айыңдарды таратышат.Мындан кабардар болгон Шемси бир күнү дайын-дарексиз жоголот.
Айтор,шоола жүздүү дербиштин дайын-дарексиз жоголушу Мевлананы катуу кайгыга салган.Натыйжада Шемси Тебризиге арналган Мевлананын "Дивани Кебир" ("Улуу Диван") аттуу кырк миң бейттик көлөмдүү чыгармасы жаралат.

Караңгыда жаркыраган шам-чырак[оңдоо]

Мындан сырткары Румиге таандык дагы төрт салмактуу чыгарма бар.Алар:"Месневи","Межалис-Себа","Мектубат" жана "Фихи мафих".
"Межалис-и-Себа"-Мевлананын жети осуятын өз ичине камтыган кара сөз түрүндөгү чыгарма.
"Мектубат"- Мевлананын жакын санаалаштарына,досторуна жана айрым аалымдар менен өкүмдарларга жазган каттарынан турган китеп.
"Фихи Мафих"-Мевлананын маек-сукбаттарынан турган жыйнагы.
Бул чыгармалар Желаледдин Руминин шакирттери менен уулу Султан Велед тарабынан кагазга түшүрүлгөн.
Аталган асыл мурастардын бардыгы фарсы тилинде жазылган.Булардын ичинде Желаледдин Румини атаңк-даңкка бөлөп,аны дүйнөлүк даанышман акындардын катарына кошкону-"Месневи"

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • "Шоокум"журнал № 4 (9) апрель, 2007-жыл,26-27-бет

Калып:Link FM