Медетбеков, Раимкан

Википедия дан

Медетбеков Раимкан (1917-ж. т., Талас району, Балбал айылы) — партиялык жана мамлекеттик ишмер, 1940-жылдан КПСС мүчөсү.

.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1938-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын алдындагы пропагандисттердин курсун, 1946-ж. ВКП(б) БКнын алдындагы Лениндик курсту, 1952-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1931—33-ж. Талас районунун 8-март колхозунда чабан, колхозчу, 1933—36-ж. Талас МТСинин тракторчусу, 1936—38-ж. Кырк-Казык айыл кеңешинин катчысы, колхоздун эсепчиси, 1938—40-ж. Кыргызстан ЛКЖСнын Талас райондук комитетинии бөлүм башчысы, 1940-ж. 1-катчысы, 1940—44-ж. Кыргызстан компартиясынын Талас райондук комитетинде инструктор, Киров райондук комитетинде бөлүм башчы, Фрунзе обкомунда бөлүм башчынын орун басары, 1944—45-ж. Кыргызстан компартиясынын Кызыл-Аскер райондук комитетинин, 1946—49-ж. Иванов райондук комитетинин 1-катчысы, 1949-ж. Кыргызстан компартиясынын Фрунзе обкомунун катчысы.
1952—55-ж. Талас облустук, 1955—58-ж. Ош облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1958—62-ж. Кыргызстан компартиясынын БКсынын административдик-соода-финансы органдар бөлүмүнүн башчысы, 1962—65-ж. Кыргыз керек-жарак союзунун төрагасы, 1965—84-ж. Республиканын «Кыргыз эт-балык соода» («Кыргыз эт-сүт соода») конторасынын башчысы, директору.
1984-жылдан ардактуу эс алууга чыгып, 1984—88-ж. дүкөндүн директору болуп иштеген.
СССР Жогорку Советинин (1954—58), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1946—50; 1958—62; 1962—66) депутаты. Советтик сооданын отличниги. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.