Мейоз

Википедия дан

Мейоз (гр. meiosis - азаюу) клетканын жетилүүсү, бөлүнүүнүн өзгөчө ыгы, натыйжада хромосомалардын санынын азайышы жана диплоиддик абалдан гаплоиддик абалга өтүүсү жүрөт; жыныс клеткаларынын өөрчүү процессинин негизги звеносу. Мейоз В. Флемминг тарабынан (1882-ж.) жаныбарларда ачылган. Э. Страсбургер 1888-ж. өсүмдүктөрдүн хромосомаларынын санынын азайышын байкаган. Мисалы, ДНКнын репликациясынан кийин, премейоздук интерфазада жүрөт. Ал гендердин чукул, бири-бирин көзкарандысыз рекомбинациясын камсыз кылат. Мисалы, ДНКнын санынын эки эселениши бир жолу өтүүчү, ядронун эки ырааттуу бөлүнүүлөрүнөн турат. Мейоздун эки ырааттуу бөлүнүүүлөрүнүн ортосунда интеркинеза стадиясы өтөт жана хромосомалардын санынын азайышы менен коштолот. Мында биринчи бөлүнүүдө бир биваленттерде гомол. хромосомалар ажырайт, ал эми башкаларда хроматоиддер ажырашат; экинчи бөлүнүүдө тескерисинче, биринчи биваленттерде хроматоиддер, ал эми башкасында гомол. хромосомалар ажырайт.

М-дун биринчи бөлүнүүсүн айырмалоочу өзгөчөлүгү татаал жана эң эле көпкө созулган фаза - профаза I саналат. Профаза I-5 стадияда өтөт:

1) Лептотена (ичке жиптердин стадиясы) - хромосомалардын жыйналышынын башталышы, негизинен митоздун алгачкы профазасына окшош, бирок ичкерээк хромосомалары жана ири ядролору менен айырмаланат.

2) Зиготена (жиптердин аралашуу стадиясы) - гомол. хромосомалардын жакындашы жана конъюгациянын башталышы; аягында анын бардык гомологдору биваленттерге биригет.

3) Пахитена (жоон жиптердин стадиясы) - кроссинговер процесси жүрөт.

4) Диплотена (кош жиптердин стадиясы) - гомологдордун өз ара түртүлүшүүсүнөн жана хиазмалардын пайда болушунан башталат; көпчүлүк организмде диплотенада хромосомалардын андан ары спиралдануусу жана ядрочолорунун санынын азайышы жүрөт.

5) Диакинез (кош жиптердин обочолонуу стадиясы) - хиазмалардын санынын азайышы жана биваленттердин олуттуу тыгыздуулугу мүнөздүү.

Прометафаза Iде ядронун чел кабыгы бөлүктөргө ажырайт жана бөлүнүү түйдөгү калыптанат. Метафаза I стадиясында биваленттер түйдөктүн ортосунда бир кырка тизилет да, экватордук эбелек пайда болот. Анафаза I гомол. хромосомалардын жана хроматоиддердин клетканын карама - каршы уюлдарына жылышы башталат. Телофаза I жана интеркинез көпчүлүк клеткаларда өтөт, бирок дайыма сөзсүз түрдө эмес.

М-дун экинчи бөлүнүшүн шарттуу түрдө төмөнкү стадияларга бөлүнөт: профаза II, прометафаза II, метафаза II, анафаза II жана телофаза II. М-дун эки ырааттуу бөлүнүүлөрүнүн натыйжасында алгачкы бир диплоиддик клеткадан төрт гаплоиддик, генетикалык ар түрдүү клеткалар келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]