Мектеп алтын медалы

Википедия дан

Мектеп алтын медалы – окуудагы, эмгектеги эң жакшы ийгиликтери жана үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн орто мектепти бүтүргөндө берилүүчү сыйлык. Ал СССР ЭКСтин 1944-ж. 21-июндагы токтому менен чыгарылган. Алтын медаль менен 9–10–11-класстарда бардык сабактарын жана бүтүрүү экзамендерин «5»ке тапшырган, мектептин коомдук иштерине активдүү катышкан окуучулар сыйланат. Алтын медалды берүү жөнүндө мектептин педагогикалык совети кабыл алган чечимди өйдө жактагы эл агартуу органдары бекитет. Алтын медаль менен сыйлангандар жогорку окуу жайына кирүүдө кабыл алуу эрежелеринде белгиленген жеңилдиктерден пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97