Мелисс

Википедия дан

Мелисс (Х.Т.ч. V к.) — байыркы грек философу, Элей мектебинин өкүлү. Самостон чыккан Мелисс жөнүндө өтө аз белгилүү. Ал элейликтердин идеяларын өзүнчө бир системалаштырган философ. Анын дээрлик сакталбаган «Жаратылыш жөнүндө, же бытие жөнүндө» деген трактатында элей окуусун ачык баяндап берет. Ал бытиенин бирбүтүндүгү, анын түбөлүктүүлүгү, өзгөрүлбөстүгү жөнүндөгү пармениддик идеяны кайталайт. Ошону менен бирге бул түпнегиз катарындагы жобого мейкиндиктеги да жана убакыттагы да бардык нерселердин чексиздиги жөнүндөгү идеяны кошот.
Мелисс Пармениддин бүткүл окуусуна таянып келип, сакталуу мыйзамы деп аталган мыйзамга өтө маанилүү аныктама берет: «Жок нерседен эч качан бир нерсе пайда болбойт». Гален мындай деп далилдейт: Мелисс «төрт элементтин негизинде жоктон бар болуп жаралбаган жана жок болуп да кетпей турган бүткүл жалпы маңыз жатат деген пикирде болгон, анын жолун жолдоочулар аны материя деп аташкан. Бирок ал муну ачык далилдеп бере алган эмес. Ошондуктан бул маңызды ал жалпыбирбүтүндүк деп атайт».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine