Метиламин

Википедия дан

Метиламин - алифаттык эң жөнөкөй амин, СН3NH2, мол. массасы 31,06; аммиак жыттанган уулуу газ; балкып эрүү t -93,46оС; кайноо t 6,32о ; Сууда, органикалык  эриткичтерде жакшы эрийт. Оңой күйөт жана аба менен жарылуу коркунучун алып келген аралашмаларды пайда кылат М. - күчтүү негиз; К=4,25 ×10-4 (25оС). М. - биринчилик аминдер өкүлү; к-талар ангидриддери, галогенангидриддери жана эфирлери менен к-талар метиламиддерин пайда кылат.

2СН3-NH2 + Ac-Hal ® Ac-NH-CH3 + +[CH 3NH3]Hal

Этилен оксиди менен метилдиэтаноламинге айланат:

СН3-NH2+ 2H2C ¾CH2 ® CH3 -N (CH2CH2OH)2

O

М. өнөр жайда Формолинге аммоний хлоридин кошуп ысытуудан алынат. М. инсектициддер, фунгициддер, бети активдүү заттар, дары-дармектер жана антрахинон боёкторун алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]