Метил спирти

Wikipedia дан

Метил спирти, метанол, жыгач спирти, СН3 ОН — бир атомдуу каныккан спирттер биринчи мүчөсү. Биринчи жолу 1834-ж. М. с. Дюма жана Э. Пелиго жыгачты кургак буулантып айдоодон бөлүп алышкан жана химимялык  формуласын аныкташкан. Этил спирти жыттанган түссүз суюктук, кайноо t 64,5°С тыгызд. 0,7924 г!см3 (20°С), аба менен 6,72-36,3% (көлөмү б-ча) аралашмасы жарылат. 15,6°С от алат. Суу, спирт, бензол, ацетон жана башка органикалык  эриткичтер менен бардык катышта аралашат. М. с. бир атомдуу спирттер бардык касиеттерине ээ. М. с. өнөр жайда көмүртек оксиди (II) менен суу-тек (СО:Н 2 молярдык катнашы 1:2); көмүртек кош оксиди (IV) менен суутек жана каныккан углеводородду (этан жана пропан) толук эмес окистендирүүдөн алынат. Сырьё катары табигый жана кокс газдары керектелет. М. с. формальдегид, карбамид чайырын, уксус к-тасын, синтет. каучуктарды, поливинил спиртин , түрдүү эфирлер, антифриздер, алкилгалогенидди, тоют белокторун жана башка өндүрүүдө, мотордук күйүүчү отун катарында, бензин антидетанациялык касиетин жакшыртууда, кыймылдаткычтар КПД. жогорулатууда колдонулат. М. с. нерв жана кан тамыр системасына, көзгө, дем алуу органдарына зыяндуу таасир этүүчү күчтүү уу. 5-10 мл М. с. ичкен адам катуу ууланат, 30 мл ашык ичсе өлүмгө дуушар болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]