Миаздар

Википедия дан
Кишинин терисиндеги мияз.

Миаздар (латын тилинен myasis байыркы грек тилинен μυῖα — «чымын» + -иаз) — адамдын жана жаныбарлардын ткандарына же көңдөй органдарына чымындардын личинкалары киришинен пайда болуучу оору.

Оорунун себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чымындар жумурткаларын териге, мурун көңдөйүнө, көзгө таштайт, кээде булганган тамак-аш менен кокусунан карынга, ичегиге кирет. Заң менен булганган ич кийимдерди кийгенде жумурткалары табарсыкка жана жыныс органдарына жугат.

Ириңдеп кеткен органдарга — көзгө, кулакка, ачык жараатка түшкөн жумурткалардан чыккан личинкалар чириген ткандар менен тамактанышып, оорулуунун көзү көрбөй, кулагы укпай калышы мүмкүн. Кавказда, Орто Азияда жана Казакстанда кездешүүчү Вольфарт чымыны жумурткасын атайын эле тирүү ткандарга тууйт. Жумурткадан чыккан личинкалар терини, жумшак тканды сөөккө чейин жейт. Өзгөчө көздү жана кулакты теше жеп, мээни сезгендирген учуру аябай коркунучтуу. Сайгактар болсо жумурткасын малдын жүнүнө же кишинин чачына таштайт. Личинкалары теринин алды менен жылып колдун, ийиндин жана баштын терисин тешип чыгып, аябай оорутат. Көздү тешип чыккан учурунда адам көрбөй калышы мүмкүн.

Мышыктын миязы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Мияз" терминиин 1840-ж., эки канаттуулар жумурткасы жаратуучу ооруларды аташ үчүн Фредерик Уильям Хоуп поп сунуш кылган, башкакурт-кумурскалардын жумурткаларынан пайда болгон оорулардан бөлүш үчүн(алар үчүн "сколециаз" термини колдонулчу). Бирок Франция Генрих, Франциск II, Карл IX и Генрих III падышаларына иштеген хирург Амбруаз Паре жумурткалар ачык жараларды толтуруп атышканын байкаган. [1]

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ичеги-карындагы личинкаларды мителерге каршы колдонуучу дарылар менен, ачык жарадагы личинкаларды атайын эритмелер менен жууп таштоо зарыл. Оорунун алдын алууда жайкысын чымынга каршы күрөшүү, тамак-ашты жаап, чымындардан коргоо, өздүк гигиенаны сактоо, ириңдеп ооруган жараатты таңып жаап,, чымын кондурбоо керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • ru:Миаздар