Миастения

Википедия дан
Нерв-булчуң синапстын схемасы: 1. Пресинаптикалык терминаль 2. Сарколемма 3. Синаптикалык ыйлаак 4. Никотиндик ацетилхолиндик рецептор 5. Митохондрия

Миастения (латын тилинен myasthenia gravis; байыркы грек μῦς — «булчуң» и ἀσθένεια — «күчсүз, алсыз»)(астениялык бульбардык шал) — нерв-булчуң оорусу. Туура ала булчуң начарлап, тез чарчап, ооруйт.

Эпидемиология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аны менен көбүнчө 20—40 жаштагы аялдар ооруйт. Көбүнчө көз жапкагынын булчуңу жабыркап, жапкак төмөн түшүп турат (птоз), ошондой эле чайнаткыч булчуңдар жабыркайт, жутуу жана оорулуунун басыгы бузулат. Көбүнчө эркектер жашы өткөндө оорушат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң биринчи бул ооруну Томас Уиллис 1672 -ж. баяндаган. Миастенияда антинерселер биринчиден Strauss менен 1960-ж. бөлүнгөн. Patrick жана Lindstrom менен бул оору аутоиммундук экени, Torpedo californica AChR менен иммундалган коендордо далилделген. Алардын миастения белгилери бар болчу.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоодо ар кандай дарылар, витаминдер (айрыкча В тобундагы) берилип, жалпы организмди чыңдоочу процедуралар жүргүзүлөт, кээде ачакей без алынып ташталат.
Өтүшүп кеткен миястенияда плазмаферез өткөрүлөт жана венага иммуноглобулин сайылат. Плазмаферезди 500 млдан күн алыс плазманын же альбуминомдун ордуна өткөрсө болот.
Иммуноглобулинди 5-10 г венага сайыш керек жалпыланганда 10-30 г, орточо алганда 20г. Аны акырындык менен мүнөтүнө 15 тамчыдан сайыш керек.[1]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Миастения