Микроклимат

Wikipedia дан
Микроклимат

Микроклимат (грек тилинен μικρός (mikros) + κλίμα (klimatos)) — жергиликтүү климаттык алкакка мүнөздүү метеорологиялык шарттан айырмаланган жер бетинин анча чоң эмес белгилүү аймагынын климаты (чөлдөгү оазис, токойдогу жайык, капчыгай, өрөөн жана башкалардын микроклиматы).
Ошондой эле жер бетиндеги анча чоң эмес аянттагы жабык турак жай өндүрүш имараттарында, транспорт, космос кораблинде жана орбита станцияларында жасалма түзүлгөн климаттык шарттар да микроклимат деп аталат. Микроклимат адамдын организмине, ден соолугуна, абалына, эмгекке жарамдуулугуна белгилүү таасир тийгизүүчү физикалык факторлорго (аба температурасы, нымдуулук, аба кыймылы, атмосфера басымы, жарык жана башкалар) ээ.
Микроклимат жердин рельефине жараша болот. Дөңсөөлөрдүн түштүк капталдарына күн жакшы тиет, жылуураак, ал эми түндүк капталдары суугураак болот. Дөңсөө менен түздүктөрдүн аба температурасы айырмаланып турат, түздүктөрдө аба суугураак жана нымдуу келет да, ден соолукка жагымы анча эмес. Жердин рельефи шамалдын багыты менен ылдамдыгына таасир тийгизет. Микроклимат үчүн кыртыштын сапатынын да таасири чоң. Таштуу кыртыш катуу ысып, абага көп жылуулук берет, кумдуу кыртыш жана кыртыш үстүндөгү аба күндүз өтө ысып, түнкүсүн тез муздайт, кара топурактуу жерлерге караганда күн энергиясын көп алып, жакшы жылыйт. Өсүмдүктөр, ачык көлмөлөр жайкы ысыкта аба температурасын салкындатат. Жердин Микроклиматтык шартынын өзгөчөлүгү турак жаи, калктуу жерлерди, санаторий, эс алуу үйлөрүн, пионер лагерлерин, спорт комплекстерин жана шаар курууда эске алынат. Жасалма микроклиматы түзүү иши ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8