Микроспория

Википедия дан
Баштагы микроспория

Микроспория(байыркы грек тилинен μικρός — кичинекей жана σπόρος — урук, айдоо) — теринин өтө жугуштуу мите козу карын оорусу.

Тери микроспориясы

Оорунун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Микроспория трихофитияга окшош. Ал терини эле эмес, чач, чанда тырмакты да жабыркатат. Микроспория козгогучунун кишиде жана жаныбарларда (ит, мышык) мителик кылуучу эки түрү бар. Көбүнчө жаш балдар ооруйт. Аларга оорулуудан же жаныбарлардан жугат. Баш терисинде, моюнда, бетте көлөмү алакандын отундай болгон тактар пайда болот. Ал жердин териси кызарып, четтери бир аз калыңданып, коңторулуп, исиркектенип, ыйлаактап, карттанат. Микроспорияда дененин, кол-буттун териси кызарып, үстү какачтанып чыгат да, көлөмү чоңоё баштайт. Ортосу кызарып, тегереги чийип койгондой көрүнөт. Кызыл тактар акырындык менен сары түстөгү жарага айланат. Анын трихофитиядан айырмасы — ириңдебейт. Оору баштын терисине жайылат, чач кырчылып түшөт, өңү өзгөрөт, кургайт, агыш тартат, жагымсыз жыт болушу мүмкүн. Ал жер такырайып калат. Микроспориянын мите козу карындары бүт денени, ички органдарды да жабыркатат, адам таз болот.

Жаныбарлардагы микроспория

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруну түрүнө жараша ооруканада же амбулаторияда дарылайт. Чач, тырмак алынып салынат. Врачтын сунушу менен дары-дармектер пайдаланылат. Врачка кайрылбай өз алдынча дарыланууга болбойт, себеби ал туура диагноз коюуга тоскоол болот. Оорунун алдын алуу үчүн балдар мекемелерин өз убагында медициналык кароодон өткөрүп туруу зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8