Миманса

Википедия дан

Миманса (сансрипт сөзмө-сөз – изилдөө) – Индия философиясынын ортодоксалдык системаларынын бири. Миминсанын жолун жолдоочулар бул сөздүн толук маанисинде веда ачылыш болуп саналбайт деп эсептешкен жана андагы камтылган диний жана философиялык жоболор логикалык жактан негиздөөнү талап кылат. Бул системада айрым брахмандардын жана упанишаддардын тексттерине өзгөчө чоң маани берилет. Миманса окуусунун негизинде ишке ашырылган абалдан – мокшадан биротоло кутулуу рационалдуу түшүндүрүлүшү жана билимдин жана кандайдыр бир аң сезимдүү күч аракеттин жардамы менен жетишилиши мүмкүн эмес деген ишеним жатат. Негизги көңүл коомдук жанаа диний милдетти – үрп-адаттарды аткаруудан жана каста тарабынан коюлуучу ар кандай чектөөлөргө жана тыюу салуулардан турган дхарманы милдеттүү түрдө аткарууга багытталышы керек.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8