Минорский, Владимир Федорович

Wikipedia дан

Владимир Федорович Минорский (Vladimir Fedorovich Minorsky)(1877-1966) – орустун 20-кылымдагы ири чыгыш таануучу илимпозу, булак таануучу жана дипломат.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Владимир Федорович Минорский 1877-жылы 5-февралда Орусия падышалыгынын Твер аймагындагы Корчева жергесинде туулган. Бул – Эдил (Волга) дарыясынын жогорку агымынын аймагында жайгашкан. Бул шаарчанын аймагы эми Иванково суу сактагычынын алдында калды.

Корчевада ал мектепти алтын медал менен аяктаган.

1896-жылы Москва университетине тапшырып, 1900-жылы юридика факультетин аяктайт.

Андан соң ал Лазарев атындагы чыгыш тилдер институтуна тапшырат.

Мында ал 3 жыл окуп, дипломатиялык кызматка даярданат.

1902-жылы алгачкы жолу Иранга келип, анын батышындагы “ахл-и хакк” (“чынтык калкы”) деп аталган диндин жамааты тууралуу маалыматтар жыйнайт.

Минорский 1903-жылдан 1917-жылга чейин Иран м-н Түркияда орус падышалыгынын элчиликтеринде иштейт.

1908-1911жылдары Санкт-Петербургда жана Ташкен шаарында да иштеген.

1911-жылы төрт тараптуу (Орусия, Британия, Иран, Осмон дөөлөтү) комиссия түзүлүп, Иран менен Осмон мамлекетинин чек арасын аныктаганда, ал ошол комиссияда иштейт. Ара-чолодо “ахл-и хакк” тууралуу китеп жарыялайт. Бул китеби Орусиянын падышалык Табият таануу коомунун Этнография бөлүмүнүн алтын медалына татыган.

Минорский 1915-17-жылдары Тегеранда Орусиянын өкүлчүлүгүндө элчинин милдетин аткарган.

Ал эми болшевиктик Октябрь революциясынан кийин Минорский чет өлкөдө кала берген.

Оболу ал 1919-жылы Франциянын ордосу Париж шаарына келген. Мында ал Антанта (“Ынтымак”) менен Германиянын өкүлдөрү 1919-жылы 28-июнда кол койгон Версал тынчтык келишимин (Treaty of Versailles) даярдоого адис катары өз салымын кошкон.

1923-жылы Парижде “Чыгыш тилдерин изилдөө боюнча улуттук мектепте” (École nationale des langues orientales vivantes) перс адабияты, Түркия жана ислам тарыхы боюнча дарстар окуган.

1930-жылы ал Британиянын ордо шаары Лондондо Бөрлингтон Хаузда (Burlington House) ачылган Перс көркөм өнөрүнүн эл аралык көргөзмөсүнүн Чыгыш таануу катчысы болуп дайындалат.

1932-жылы Лондондо Чыгыш таануу мектебинде (азыркы Чыгыш жана Африка таануу мектебинде, School of Oriental and African Studies) перс тили боюнча окутуучу болуп калат.

1934-жылы Фирдоусинин миң жылдык мааракеси Тегеранда белгиленгенде, ал ардактуу коноктордун бири болгон.

Минорский 1937-жылы Лондон университетинин профессору болуп калган. 1944-жылы ардагердикке чыккан.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Лондондогу Чыгыш жана Африка таануу мектеби убактылуу Кэмбриж университетинин Христос коллежине (Christ's College) көчүрүлгөндө, Минорский да Кэмбриж шаарында сабак берген.

Кийин, 1948-49-жылы Каирге келип, мындагы Фуад университетинде да бир жылдай дарс окуган.

1960-жылы СССРге келип, Маскөө шаарында Чыгыш таануучулардын Эл аралык 23-курултайына катышып кеткен.

В.Ф.Минорский 1966-жылы 25-мартта Улуу Британияда дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгүнүн күлү Орусияга алывнып келинип, Новодевичье көрүстөнүнө коюлган. Анын жеке китепканасынын көпчүлүк бөлүгү Санкт-Петербургдагы (мурдагы Ленинграддагы) китепканага тапшырылган.

Илимий мурасы[оңдоо]

Иран, Кавказ, Ички Азия ж-а Борбордук Азиянын тарыхы б-ча эмгектери бар.

Түрк калктарынын, ирандыктардын жана күрттөрдүн тарыхы боюнча ири эмгектери бар адис болгон.

Автору белгисиз “Худуд ал-аалам” чыгармасын (10-к.) фарсы тилинен, Марвазинин “Айбанаттын табигый касиетери” (12-к.) эмгегин араб тилинен англисчеге которгон.

Минорский Батышта бир катар чыгаан чыгыш таануучуларды тарбиялаган. Анын окуучуларынын катарында профессор Клиффорд Эдмунд Босворт бар.

Минорский жана кыргыз таануу[оңдоо]

Профессор В.Минорский өз эмгектеринде кыргыз таануу жаатынын маселелерин да арбын чагылдырган. Ал илим чөйрөсүнө киргизген булактар маркум В.В.Бартольд дүйнөдөн кайткан соң орун алган, ошондуктан бул булактардын маалыматы кыргыз таануудагы жаңы тыянактарга пайдубал болуп калды. Ошондой тыянактардын бири – кыргыздардын бир бөлүгүнүн Теңир-Тоо аймагында 13-кылымдын башындагы монгол чапкынына чейин эле байырлагандыгы тууралуу бүтүм.

Бул бүтүмдү Өмүркул Караев, Юлий Худяков, Т.Чоротегин, М.Кожобеков, О.Каратаев жана башкалар колдоодо.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо]

1943-жылы Британия Илимдер академиясынын кабарчы мүчөсү болуп шайланган.

1946-жылы Франциянын Азия таануу коомунун ардактуу мүчөсү болуп калган.

1948-жылы Брүссел университетинин ардактуу профессору (Doctor honoris causa) наамын алган.

В.Минорскийдин айрым эмгектери[оңдоо]

В.Ф.Минорский 200дөн ашуун китеп жана макалалар жарыялаган.

  • "Ahl-I Hakk", in The Encyclopaedia of Islam.
  • "Notes sur la secte des Ahl-I Haqq", in Revue du Monde Musulman, Volumes XL, 1920, pp. 20-97; XLIV-XLV, 1921, 205-302.
  • Notes sur la secte des Ahle-Haqq, in book form, Paris, 1922, 182 pp., 1920.
  • "The Guran", Bulletin of the School of Oriental and African Studies, Volume, XI, 1943-1946, PP. 75–103.
  • Studies in Caucasian history, Cambridge University Press, 1957.
  • Medieval Iran and its neighbours, London, 1982. Reprint of journal articles in English or French published 1931-1967, with passages in Arabic, Gûrâni-Kurdish, Persian, and Turkic languages.
  • A History of Sharvan and Darband in the 10th-11th Centuries, Cambridge, 1958.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]