Миокарддын инфекциясы

Wikipedia дан
Миокарддын инфекциясынын диаграммасы (2) астынкы жагында (апикалык инфаркт) коронардык сол артериянын бүтөлүшүнөн кийин

Миокарддын инфаркты — жүрөктүн айрым бөлүгүнө кандын аз келишинен же келбей калышынан жүрөк булчуңунда өлүү ткандардын (некроз) пайда болушу.

Пайда болушунун себептери[оңдоо]

Миокарддын инфаркты көбүнчө жүрөктүн таажы сымал артериясы атеросклероздон жабыркаганда болот; атеросклероз процессине көп учурда кан тамырдын бүктөлүп калышы (тромбоз) кошумча болот. Миокарддын инфарктынын пайда болушуна гипертония оорусу, кант диабети, семирүү, нервдик-психикалык күч келүү, тамеки тартуу түрткү берет. Демейде стенокардиянын тез-тез кармашынан жана күчөшүнөн улам өөрчүп, нитроглицерин да жакшы таасир этпей калат. Бул мезгил инфаркт кармаардагы абал деп аталат. Врачка тезинен кайрылуу миокарддын инфарктынын алдын ала турган чараларды өз убагында көрүүгө мүмкүндүк берет.

Оорунун башталышы[оңдоо]

Миокарддын инфаркты көбүнчө жүрөк же көкүрөк туш көпкө катуу ооруп, оору сол колго, сол далыга өтүү менен башталат; айрым учурда көкүрөк бүт ооруйт. Нитроглицерин ичкенден кийин деле ооруганы басылбайт. Адатта ал бир нече саатка же күнгө созулат; өлүм коркунучун сезүү, өтө начарлоо, ошондой эле деми кыстыгуу жана жүрөк ишинин башка бузулуулары байкалат.

Оору кармаганда кылынуучу чаралар жана дарылоо[оңдоо]

Миокарддын инфаркты менен ооруганда медициналык тез жардам керек. Ошондуктан жүрөк ооруп, приступ кармаса (оору валидолду жана нитроглицеринди ичкенден кийин да басаңдабаса) токтоосуз тез жардам чакыруу зарыл. Врач келгенче оорулууну тынч жаткырып, мүмкүн болушунча тынчтандыруу керек. Нитроглицерин ооруну басаңдатпаса бир нече жолу кайталап ичүү талапка ылайык. Алаксытуучу процедуралар: көкүрөккө горчичник коюу, бутка жылыткыч басуу, колду жылытуу ооруну кыйла жеңилдетет. Миокарддын инфаркты менен ооруган оорулууну ооруканада гана толук дарылоого мүмкүн. Ооруканадан чыккандан кийин да дарылоо үйдө улантыла берет. Эмгекке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү жана миокарддын инфаркты кайрадан кайталанышын алдын алуу көбүнесе оорулуунун өзүн кароосуна байланыштуу. Врачка үзгүлтүксүз көрүнүп, ал белгилеген дарылоону жана күн тартибин дыкаттык менен аткарып, инфаркт болгон адам бир катар эрежелерди сактоосу зарыл. Баарыдан мурда ал тамеки тартпай, спирт ичкиликтерин ичпей, күн тартибин сактап, 7 сааттан кем эмес уктоосу керек. Врач белгилеген дене тарбия көнүгүүлөрү: эртең мененки гимнастика жана күндүз, түнкү уйку алдында жөө басып сейилдөө пайдалуу. Дем алыш күндөрү таза абада көбүрөөк болуп, отпусканы көнгөн климаттык шартта өткөрүү оң. Тамакты түрдүүлөп, витаминдүү, бирок мүнөздөп (суткасына 2500 ккалдан ашык эмес), 4 маал ичүүгө тийиш. Кечки тамакты жатарга 2—3 саат калганда ичүү керек. Кечкисин организм оңой сиңирүүчү быштак, айран жана башкалар азыктар менен тамактануу сунуш кылынат. Жатарда нерв системасын козгоочу чай же кофе ичүү жарабайт. Миокарддын инфаркты менен ооруган адам бир кыйла убакытка чейин аз кыймылдоого мажбур болгондуктан, толуп кетет. Ошондуктан ага ашыкча тамактанууга болбойт. Суюктукту (сорпону, компотту, киселди, сүттү кошкондо) 1,2 —1,5 литрге чейин азайтуу зарыл. Түнкү сменада, ысык цехте дагы ушундай сыяктуу жерде жана күчтү талап кылуучу жана нервге күч келтирүүчү иштерди иштөөгө тыюу салынат. Нервге күч келтирүү стенокардияны күчөтүүгө түздөн-түз себеп болгондуктан, оорулуу өзү жана анын айланасындагылар үй-бүлөдө жана эмгек коллективинде жагымдуу шарт түзүүгө көмөктөшүүлөрү тийиш.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8