Мирсаид Миррахимов

Википедия дан
Миррахимов, Мирсаид‎»‎ барагынан багытталды)
Миррахимов Мирсаид Мирхамидович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Миррахимов Мирсаид Мирхамидович
Туулган жылы: 1927-жылы 27-март
Туулган жери: Бишкек,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Каза болгон жылы: 2-октябрь 2008-жыл
Ишмердүүлүгү: медицина илимдеринин доктору, академик, эмгек сиңирген ишмер

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мирсаид Миррахимов (1927-2008-жж.)- медицина илимдеринин доктору, академик, Улуттук кардиология борборунун директору, Социалисттик эмгектин Баатыры. Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер Мирсаид Миррахимов 82 жаш курагында о дүйнөгө аттанды. Улуту өзбек.

Саламаттык сактоо министирлигинин Кыргыз ССР Илим-изилдөө институтунун кардиология бөлумунун жетекчиси Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Кыргыз автономдук областынын Фрунзе шаарында музыканттардын уй-булөсундө туулган.Кыргыздын чыгаан врачтарынын бири Мирсаид Миррахимов 1948-жылы Кыргыз Республикасынын медициналык институтун жана клиникалык ординатураны аяктаган. 1959-жылы алгачкы диссертациясын жактап , терапия кафедрасын жетектеген Бир нече жылдар аралыгында илимий изилдөө иштери менен алпурушуп, 1969-жылы докторлук илимий даражага ээ болуп, профессор наамы ыйгарылган.1978-жылы Мирсаид агайдын демилгеси менен Кыргыз илим-изилдөө институтунун кардиология бөлүмү түзүлүп, ушул эле жылы институттун директору болуп дайындалган. М.М.Миррахимов дүйнөдөгү белгилүү окумуштуу клиницист, клиникалык физиолог, бийик тоолуу медицинасынын жана кардиологиясынын негиздөөчүсү, ошондой эле бул тармакта кыргыз медицинасынын атасы.

А.Канатбеков

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялы Неля Ярулловна Юсупова. Үч баласы: кыздары - Назира, Элмира жана уулу Эркин.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саламаттыкты сактоо тармагына кошкон зор салымы, талыкпаган эмгеги үчүн Ленин ордени, эки жолу "Ардак белгиси" ордени, Октябрь Революциясынын ордени, көптөгөн сыйлык грамоталар жана III, I даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • [1](жеткиликсиз шилтеме)