Каюм Мифтаков

Википедия дан
Мифтаков Каюм‎»‎ барагынан багытталды)

Каюм Мифтаков (Каюм Гайнан улы Мифтахов; 28.6.1892 - 05.10.1949) - фольклорист, кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын жыйноочу. Орусиянын Башкортостан аймагында төрөлгөн чыгаан түрколог.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каюм Мифтаков 1892-жылы 28-июнда падышалык Орусияда - азыркы Орусия Федерациясына караштуу Башкортостан жумуриятынын Салават районундагы Насибаш айылында дыйкандын үй-бүлөсундө туулган.

1907-жылдан тартып казак жеринде мугалимдик кылган.

1916-жылы кыргыз жергесине келген.

1920-жылы Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Грозный районунда мектеп инспектору болуп, лирикалык ырларды, санжыра, жөө жомок, дидактикаларды жазган.

1921-жылы Таздо 7 жылдык мектебинде директор болуп, эл адабиятын жыйноо ийримин уюштурган.

1922-жылы Ат-Башы, Тогуз-Торо, Кочкор, Эки Нарынга чейин кыдырып, элдик чыгармачылыкты жыйнаган.

Ошондо ал даңазалуу кыргыз манасчысы Сагымбай Орозбаковдун "Манас" эпосунун вариантын жазып ала баштайт.

1938-45-жж Жаңыбай Кожобековдон "Ак Мөөр" менен "Семетей" эпосун кагазга түшүргөн.

1947-жылы Ош облусундагы Ноокат жана Алай райондорунда болуп, 4(төрт) ай кыргыз этнографиясын, тарыхый санжыраларын, фольклордук материалдарды жыйнаган.

1948-жылы Башкортостанга үй-бүлөсү менен көчүп кеткендиги(жеткиликсиз шилтеме) айтылат.

1949-жылы 5-октябрда каза болгон.

Чыгармачыл ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каюм Мифтаков оозеки адабият мурастарын чогултуп чектелбестен, өзү да эмгектер жазган.

Оозеки мурастардын көркөм табияты, идеялык өзгөчөлүктөрү, эл турмушунун мааниси жөнүндө макалалары бар. Алар 1920-ж Алматыда чыккан.

"Жети-Суу правдасы", "Тилчи", "Ак жол"; Кыргызстандагы "Эркин-Тоо","Советтик Кыргызстан" гезит беттеринде жарыяланган.

Мифтаков жана кыргыз фольклору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1922-жылы Алматадан Каюм Мифтаков элдик адабиятты жыйноого Кыргызстанга келет. Ушул кишинин келиши менен элдик адабият да, «Манасты» жазуу иши да башталат. Ушул эле жылы партиянын Нарын шаардык комитетинин катчысы Касымбай Тельтаевдин түздөн-түз тапшыруусу боюнча Мифтаковдун үзөңгүлөшү Ыбырайым Абдракманов «Манас» эпосун жазууга киришет. Нарындын Солтонсары жайлоосуна Сагымбайды алып барып, Манасты туулгандан баштап жаза баштайт.

1922-жылы оозеки адабияттын кооз үлгүлөрүн жыйноочу фольклорист Каюм Мифтаков Молдобасан Мусулманкуловго Ак-Талаадан жолугуп, андан “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Жаңыл Мырза” дастандарын жана көптөгөн элдик чыгармачылыктын кооз үлгүлөрүн жазып алат.

Мифтаков Молдобасандын аткаруучулук чеберчилигине: “Молдобасандын үнү жакшы, мукамдуу, комуз менен кыякка (баянга) ойноо жагынан кыргыздардын ичинде биринчи киши саналышы мүмкүн. Кыргызда ар түрдүү акындар көп болсо да добушу (үнү) жакшы акындар аз. Мен көргөндөн Молдобасанга теңдеше алчу бир гана киши бар. Ал - Таласта жайылган деген жерде жашаган Алымкул Үсөнбай уулу” деген баасын берген.

Тилекке каршы, Молдобасандын айтуусунда бир дагы дастандан үзүндү тасмага жазылбай калган. Ошондой болсо да кагаз бетине жазылып калган дастандардын үзүндүлөрүн ак таңдай акындар айтышкан.

"Сарынжи-Бөкөй" дастанына келсек, анын А. Үсөнбаев менен С. Конокбаев айткан эки башка вариантын 1920-жэылдары фольклорист Каюм Мифтаков жазып алган.

Каюмдун уулу Нисей Мифтахов атасынын кол жазма мурасын толук жарыялоо демилгесин көтөргөн.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токомбаева А. Каюм Мифтаков, 1892-1948: [Фольклорист]: (Науч.-попул. очерк) / А. Токомбаева ; АН КиргССР, Отд. рукописей и публ. - Фрунзе: Илим, 1991. - 121, [1] с., 20 см.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]