Мобилдүүлүк

Википедия дан

Мобилдүүлүк (коомдо) – социалдык структуранын чегинде топторду жана индивиддерди бир социалдык орундан экинчиге жайгаштыруу.

Ар бир коом андагы менчик, байлык, статус, бийлик, таасир, укук жана милдеттүүлүгүнүн бөлүнүшүнө жараша түрдүү катмарлар, топтор жана индивиддерге бөлүнүшкөн. Бул болсо теңсиздиктин, түрдүү социалдык карама-каршылыктардын, конфликттердин туулушуна алып келет да, өз кезегинде социалдык объекттердин коомдогу ордун өзгөртүүгө умтулуусуна алып барат. Ошентип, социалдык ратификация жана М. өз ара тыгыз байланышып, түрдүү социалдык системанын перманенттүү мүнөздөмөсү болуп эсептелинишет. Дегинкиси коомдо Мобилдүүлүктүн эки негизги түрү кездешет. «Туурасынан» бир деңгээлдеги социалдык топтордун чегинде жайгашуу, жана «тигинен» – бир социалдык катмардан (старттан) экинчиге жайгашуу. Мобилдүүлүктүн экинчи түрү өз кезегинде жайгашуунун өз алдынча эки түрүнө бөлүнүп кетет: социалдык баскычта жогору же төмөн. Мобилдүүлүктү изилдөө коомдун өнүгүшүндөгү сапаттык тенденцияларды таанып-билүүгө мүмкүндүк берет. Мисалы: таптардын, башка социалдык топтордун жана индивиддердин өнүгүшү жана начарлашы, алардын ортосундагы мамилелердин өзгөрүшү, келечекте бул процесстердин болушу. Бул теорияны түзүүчүлөрдөн бири П. Сорокин тарыхтын мобилдүү мезгилин (негизинен революциялар, себеби социалдык структура кыйрайт), мобилдүү эмес мезгилин (реакция доору, туруктуу социалдык структура менен мүнөздөлөт) жана коомдун түрдүү типтерин ажыраткан. Бүгүнкү күндө социология жана саясат таанууда социалдык конфликттерди чечип, коомдо кон-сенсусту камсыз кылган башка каражат катары каралат. Мобилдүүлүктүн жардамы менен коомдо бир катар социалдык топ-тордун өз статусун жакшы жакка өзгөртүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрү пайда кылууда. Ушуга байланыштуу «жашоодо ийгиликке жетишүүгө» мүмкүнчүлүк берген же бере албаган жөндөмдүүлүгү, билими, шыгы, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү сыяктуу факторлорду изилдөөнүн предмети болуп калууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Социалогия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9