Момо

Wikipedia дан
Момо-ча
Соус кошулган момо
Момо табагы

Момо (тибет. མོག་མོག་; Вайли: mog mog, непал. म:म:) — Тибет жана Непалдын камыр тамактарынын бир түрү. Бул тамак Тибет, Бутан, Непал, Сикхим, Даржелинг жана Ладакта көп жасалат. Ошондой эле Индиянын Ассам, Мизорам, Манипур, Нагаланд, Мегалая, Патна жана Батыш Бенгал штаттарындагы непалдык жана тибеттик диаспоралар жашаган жерлерде да белгилүү. Акыркы жылдарда Калькутта, Дели, Чандигарх ж.б. Индиянын шаарларынын көчөлөрүндө тез татым түрүндө сатыла баштаганы байкалат. Жалпысынан, момо монголдордун позы, азиялыктардын манты, орустардын чүчпара (пельмени) жана италиялыктардын равиоли сыяктуу тамактарына окшоп кетет.

Тибет тилиндеги mómo (馍馍) сөзү кытай тилинен өздөштүрүлүп алынган.

Жасалышы[оңдоо]

Момонун камыры ун жана суунун аралашмасынан жасалат. Айрым учурларда ачыткылар жана сода кошулат. Камырдын ичине курамы ар түрдүү азыктар салып бышырылуусу мүмкүн:

  • Эт. Тибет, Непал жана Түндүк-Чыгыш Индияда топоз, буйвол, тоок, эчки, чочконун эти көбүрөөк колдонулса, Ладакта кой жана топоздун эттерине басым жасалат. Фаршка пияз, сарымсак, туз, калемпир, зире жана искуш деп аталган татымал кошулат.
  • Жашылчалар же жашылчалардын эт менен аралашмасы. Жалаң гана жашылчалардан жасалган момолор Непалда жана Индияда популярдуу.
  • Бутан жана Сикхимде быштак кошуу салты да кеңири тараган.
  • Сникерс же Марс шоколаддары. Мындай таттуу момолор көбүнчө Непалга барган туристтерге арналып жасалат.


Түрлөрү[оңдоо]

Момонун С-момо (C-momo), кати-момо (Kothey momo), момо шорпосу жана куурулган момо сыяктуу түрлөрү бар. С-момо пияз жана кызыл калемпир кошулуп даярдалып, чоң кеседе ысык түрүндө ичилет. Момо шорпосу эттин шорподо бышырылган түрү. Куурулган момо момо бышырылгандан кийин дагы бир жолу куурулуп салынат.

Караңыз[оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо]