Момунтаева, Арзыкан Күмүшбековна

Википедия дан

Арзыкан Күмүшбековна Момунтаева (Талас районунун Кызыл-Жар айылында 1951-жылы туулган) - акын.

1970-жылы Караколдогу педагогикалык окуу жайына, 1977-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо факультетине кирген.

Эмгек жолу Кара-Суу орто мектебинде 1970-жылы баштаган, 1971–1972-жж. Тоң райондук элге билим берүү борборунда усулчу, 1972-жылы Ленинполь райондук № 1 балдар бакчасынын башчысы, 1975–1976-жж. Кыргызтелефильмде кенже редактор, 1977–1980-жж. Ленинполь райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор-усулчу, 1980–1989-жж. Талас облустук билим берүү бөлүмүндө инспектор-усулчу, 1989–2000-жж. Талас райондук «Тайкүлүк» балдар бакчасынын башчысы, 2001-жылдан «Талас облусунун демократиялык жана граждандык коому үчүн» коалициясынын өкүлү. Ошондой эле «Кыргыз Руху» гезитинин өз кабарчысы.

А.Момунтаева мектепте окуп жүргөн кезинде эле чыгармаларын «Кыргызстан пионери» гезитинде жарыялай баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Кыял» деген ат менен 1981-жылы басылып чыккан. Чыгармалары жаштар альманахтарында жана гезит-журналдарда жарыяланып келген.

1985-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

А.Момунтаева Эл агартуунун отличниги, ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.


ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде:

Кыял: Поэтикалык жыйнак. – Ф.: Мектеп, 1981.

Кадам: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1987. – 17 б.

Нарбек молдо баяны: Документалдуу китеп. – Б., 2001.

Саясат сабырдуулук саптарында: Ырлар. – Б., 2005.