Михаил Москалев

Википедия дан
Москалев, Михаил Иванович‎»‎ барагынан багытталды)

Михаил Иванович Москалев (айтылышы - Москалёв) (13.01.1942 - 28.06.2013) – кыргызстандык таанымал археолог, Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Археология жана этнография кафедрасынын доценти. Түпкү теги - беларус.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Иванович Москалев (Москалёв) 1942-жылы 13-январда мурдагы ССРСдин батышында Беларусь ССРинин Гомель облусунун Светилович районунун Светилович айылында туулган.

1961 – 1964 - жж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

1864 - жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине окууга тапшырып, 1968 - жылы аны аяктаган.

1968 - 1970-жж. Төмөнкү Чүй мектеп–интернатында тарых мугалими болуп иштеген.

1971-жылы январда Кыргыз Республикасынын Тарыхый жана маданий эстеликтерин коргоо коомунун окумуштуу катчысы болуп бекитилген.

Кыргыз археологдору Валентина Дмитриевна Горячева жана Михаил Иванович Москалев. Бишкек шаары. 2012-жылдын 5-марты. Т.Чоротегиндин сүрөтү.

1978–жылдан өзү каза болгон 2013-жылдын 28-июнуна чейин Кыргыз Улуттук Университетинин - Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин археология жана этнография кафедрасында иштеди.

Кыргыз ИАсынын Тарых институтунун, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын, немис–кыргыз, кыргыз–түрк археологиялык экспедицияларынын катышуучусу катары таанымал.

1977–жылдан өлгөнгү чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин археологиялык экспедицияларын жана практикаларын өткөрүп келди.

Анын ишмердигинин аркасында илимге буга чейин белгисиз 300гө жакын жаңы археологиялык эстеликтер киргизилген.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрлүк жары – Москалева Лариса Юрьевна.

Эки уулу бар.

Коомдук ишмердиги жана илимий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Москалев 2012-жылдын 11-февралында "Кыргыз Тарых Коому" Эл аралык коомдук бирикмесинин Башкармалыгына мүчө болуп шайланган.

Михаил Москалев Кыргызстандагы ондогон археолог окумуштууларга устат катары насаат берген.

Москалёв Михаил Иванович 4 монографиянын, 180ден ашуун илимий макалалардын автору.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Москалев М. И., Табалдиев К. Ш., Митько О. А. Культура средневекового населения Внутренного Тянь-Шаня и сравнительный анализ с определенными регионами Центральной Азии. - Б., 1996.
  • Москалев М. И., Солтобаев О.А., Омурбеков Т. Н. Кошой-Коргон – древний Атбаш. – Б.: Учкун, 2007. - 119 с.
  • Москалев М. И. Кошой Коргон // Памятники Кыргызстана. – Выпуск 5. Фрунзе 1982.
  • Москалев М. И. Археологическая исследования в районе Кум – Тора. // Вестник КГНУ.- Выпуск 3. Общественные науки. Часть 2. Бишкек, 1998.
  • Bodo Anke, Michail Moskalev, Oroz Soltobaev, Kubatek Tabaldiev Ausgrabungen auf dem Graberfeld von Süttüü-Bulak. Rai. Kockor. Kyrgyzstan. EURASIA ANTIGUA. Zeitschrift für archäologie Eurasians. Band 3. –Berlin 1997. Pages 513-570. (Outcomes of kyrgyz-german excavations of archeological expedition). (на немецком языке).
  • Москалев М.И., Табалдиев К.Ш., Бозер Р. Археологические исследования в Алайской долине // Ош и Фергана: археология, новое время, культурогенез, этногенез. –Выпуск 4. – Бишкек, 2000. С. 87-93.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]