Мо Ди

Википедия дан
Мо-цзы (Мо Ди)‎»‎ барагынан багытталды)

Мо Ди, Мо-цзы (475—395-жыл ченде) — байыркы кытай философу, алгач конфуцианчылыкты окуп-үйрөнүп, аны коргоп чыкса да кийин Конфуцийге каршы болгон. Мо-цзынын көз караштары анын шакирттери тарабынан түзүлүп, «Устат Монун трактаты» («Мо-цзы») деген эмгекте баяндалган. Мо-цзынын концепциясынын өзөгүн түзгөн башкы максат — бул «жалпы сүйүү» принциби. Жалпы сүйүү дегенде баардыгынын баарына болгон сүйүүсү түшүнүлөт. Бул сүйүү, Мо-цзынын пикири боюнча, экономикалык да жана саясый чөйрөлөрдөгү ар кандай чыр-чатактарды чече алат. Ал ушул принципти ишке ашыруудан саясый жана экономикалык баш-аламандыктан чыгуунун жолун көргөн. Мындан башка да конфуцианчылыкты сынга алуу менен, Мо-цзы өзүнүн этикалык доктринасынын башка принциптери менен жоболорун да көтөрүп чыккан. Ал таланттарды урматтоонун, өзүн өзү урматтоонун, кол салбоонун маанисин баса белгилеген. Ал, бардык таланттуу адамдар ата-тегине карабастан өлкөнү башкарууга мүмкүндүк алууга тийиш деп эсептейт. Согуштарга каршы чыккан жана «кошуна падышачылыкка кол салбоо керек, элдерди өлтүрбөө керек, малды тартып алууга жана байлыкты талап-тоноого болбойт» деп эсептеген. Мо-цзы, ошондой эле конфуцианчылыктын адамдын тагдырын «көк теңирдин эрки» аныктайт деген жобосуна каршы чыгып, эгерде адамдар өздөрүнө баш ийбей турган тагдырга ишенсе анда өзүлөрүнүн бактысы үчүн күрөшпөй калышат деп эсептеген.

Конфуцианчылыктын элди тарбиялоо музыканын жана жөрөлгөлөрдүн жардамы менен ишке ашырылышы керек деген жобосун да кабыл алган эмес. Ошол эле убакта Мо-цзы адамдын турмушундагы «көк теңирдин ролун» танган эмес, Кудай адамдарды алар жалпы сүйүү принцибин канчалык даражада жолдосо ошончолук даражада жазалайт же сый көрсөтөт деп эсептейт.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]