Мукаддаси.

Википедия дан

Мукаддаси. Мукаддаси (аль- Мукаддаси, аль- Макдиси) Шамс-ад-дин Абу Абдаллах Мухаммед (946/947- 1000-ж.)- араб географ – тарыхчысы жана саякатчысы. Иерусалим шаарында туулган. Мусулман өлкөлөрүнүн көбүн кыдырып, өзүнөн мурдагы илимпоздордун жана саякатчылардын эмгектерин пайдаланып, «Ахсан ат-такасим фи марифат аль- акалим» («Климат таануу боюнча мыкты колдонмо». 9-кылымдын 80-90- жылдары) деген китебин жараткан. Автор бул эмгегинде ар бир областка географиялык очерк берип, алардын айрым шаарлары менен кыштактарын кенен мүнөздөгөн. Ошондой эле аймактардын эли, ал элдердин саны, уруулук составы, кесиби, тили, турмушу, үрп-адаты, дини, жер байлыгы ж.б. жөнүндө кызыктуу маалымат калтырган. Эмгектин «Хайтал» бөлүмүндө азыркы Кыргызстандын ошол мезгилдеги шаар менен кыштактары (Ош, Баласагун, Барскан, Невакет ж.б.) жөнүндө да баяндалат. Автор аларга кыскача тарыхый-географиялык мүнөздөмө берип, бири биринен жайгашкан аралыгын көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Крачковский И.Ю. Избр.соч., т.4, М.-Л., 1957; Древние и средневековые источники по этнографии и истории народов Африки Южнее Сахары, (т.2)- Арабские источники 10-12веков, М.-Л., 1965, с.71-80.