Мукамбет

Википедия дан

Мукамбет Токтобай уулу (1947, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы) — кыргыз совет артисти. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1986). 1967 — 72-ж. Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтунда окуган. 1972—77-ж. Ош кыргыз драма театрында, 1977—90-ж. Фрунзедеги Кыргыз мамл. академиялык драма театрында иштеген. 1990-жылдан «Туңгуч» театр студиясында эмгектенүүдө. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде Семетейдин ролун аткарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4