Муктаждык

Википедия дан

Муктаждык — тиричиликте тирүү жанга бир нерсенин керектиги. Айбанаттарда муктаждык биологиялык мүнөздө болуп, организмдин айлана-чөйрө менен карым-катнашынан келип чыгат. Адамдагы муктаждык коомдук турмуш менен шартталып, өз ара байланышкан материалдык жана рухий муктаждыкка бөлүнөт.

Тарыхый жагынан материалдык (тамакка, кийимге, үй-жайга жана башка) муктаждык биринчи пайда болгон. Адамдардын муктаждыкты канааттандырууга умтулуусу – коомдук эмгектин зарыл шарты. Бир муктаждыктын канааттандырылышы улам жаңы муктаждыкты пайда кылат. Муктаждык адам жана коомдо зор роль ойнойт.

– генерация (лат. generatio – түйүлдүк) – 1.Биологияда – жашоо циклинин процессинде алмашып туруучу бир организмдин түзүлүшү, жашоо-тиричилиги, көбөйүү ыкмасы жана башка менен айырмаланган формалары;

2.Демографияда муктаждык деп эреже катары бир жыл аралыгында туулган адамдар аталышат;

3.Муктаждыктын биргелешип жашоосу жана өз ара алакасы калктын курактык структурасын түзөт.

4.Тарыхый-маданий изилдөөлөрдө муктаждык түшүнүгү маанилүү тарыхый окуяларга катышкан же аларга замандаш болгон инсандарды, ошондой эле жалпы багытка же маанайга ээ адамдарды мүнөздөгөн символикалык мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8