Муниципалитет (жергиликтүү башкарма)
Муниципалитет (жергиликтүү башкарма) (нем. munizipalitat , лат. municipium – өзалдынча башкаруучу жамаат) – КРде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы – жергиликтүү маанидеги иштерди өз жоопкерчилиги алдында чечүү үчүн тургундардын өзүлөрү тарабынан түзүлүүчү өкүлчүлүк, аткаруу-тескөө органдары. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу тутумуна тургундар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү кеңештер, анын аткаруу-тескөө органдары, аймактык өзалдынча башкаруунун коомдук органдары, ошондой эле жарандар жыйыны менен чогулуштары кирет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму КР аймактык-башкаруу ажырымына ылайык түзүлөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7