Мураталиев, Бейшенбай Тоголокович

Википедия дан

Бейшенбай Тоголокович (Тоголок уулу) Мураталиев (1929 –1973) - Кыргызстандын совет мезгилиндеги коомдук жана мамлекеттик ишмери, экономика илимдеринин кандидаты.


Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.Т.Мураталиев 1929-жылы 10-февралда Кыргызстандын Чүй облусундагы ал кезде Кызыл-Аскер (Кант районуна, кийинчерээк - Аламүдүн) районуна караштуу Кашка-Суу айылында туулган.

Атасы Тоголок Муратаалы уулу кедей дыйкан болгону айтылат.

Ленинград каржы-экономика институтун ийгиликтүү аяктаган.
Экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

Кыргыз улуттук университетинде (ал кезде Кыргыз мамлекеттик университетинде) окутуучу, доцент болуп иштеген.
1956-жылдан Кыргыз улуттук илимдер академиясында Экономика институтундагы Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу секторунун (бөлүмчөсүнүн) башчысы болуп иштеген.
1961-жылдан тартып КПССтин партиялык ишине өтөт.
1963-жылы декабрда Кыргызстан КП БК катчысы болуп шайланат.

Дал ушул кызматты аркалап жатканда АКШда Азамат Алтай менен жолуккан.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 6-7-8-чакырыктагы курамына депутат болуп шайланган.

1973-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы да болгон.

1973-жылы 7-апрелде жол кырсыгынан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]