Мургап

Википедия дан

Мургап (ир. Мург – куш, ап – суу: куш суу деген маанини берет) – топоним. Кыргыздар жашаган жерлердин бири. Манас баатыр өзү катылган Шоорук канды жеңип, анын кызы Акылайды тартуу кылганда: «Мургапты көздөй бет алып, Каны Шоорук салыптыр» (СО, 2.215), – деп айтылат. Географиялык реалия катары Мургап Тажикстандын Памир тоосундагы жер аты.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995