Мутация

Wikipedia дан
Мутация

Мутация — тукум куума информацияны алып жүрүүчү ДНКнын молекулаларындагы өзгөрүүлөр (Нуклеин кислоталары). Ал өзгөрүүлөр кокусунан табигый же жасалма жол менен (физикалык же химиялык факторлордун таасиринен) пайда болот. Мутация пайда болуу жөндөмдүүлүгү тиричиликтин бардык формаларында (вирустар, микроорганизмдер, татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр, жаныбарлар, киши) болуучу универсалдуу касиет. Жыныс клеткаларындагы мутация укумдан-тукумга берилет.

Табигый мутация[оңдоо]

Табигый мутация табигый радиациянын (анын ичинен космос нурларынын), ошондой эле табигый органикалык бирикмелердин ажыроосунун же кишинин чарбалык ишинин натыйжасынан келип чыккан кээ бир химиялык заттардын таасиринен болот. Көпчүлүк илимпоздор табигый мутациянын негизги себеби — клетканын көбөйүшүндө ДНКнын бузулушун оңдоодо же гендердин алмашуусунда ДНК менен өз ара катышуучу ферменттер: дин «ката кетирүүсү» деп эсептешет.

Чернобыльдагы мутация

Жасалма мутация[оңдоо]

Жасалма мутация клетканын генетикалык аппаратына кээ бир физикалык же химиялык факторлордун — мутагендердин (иондоштуруучу нурлануу, ультра кызгылт көк нур, химиялык бирикмелер, айрым вирустар, дарылар) таасиринен пайда болот. Мутагендер ДНКнын молекулалары менен өз ара катышып, алардын түзүлүшүн бузат. Эң алгач жасалма мутация рентген нурларынын таасиринен пайда болгон. Клеткага кирүүгө жөндөмдүү нурлар ДНКнын молекулаларын иондоштуруп гендерди өзгөртүшү мүмкүн. Радиациялык мутагендерден башка көптөгөн химиялык мутагендер белгилүү. Бактериялардын, курт-кумурскалардын, сүт эмүүчүлөрдүн вирустары мутагендик таасирге ээ.

Мутациянын бөлүнүшү[оңдоо]

Мутация гендик, хромосомалык, геномдук деп үч түргө бөлүнөт.

Гендик мутация[оңдоо]

ДНКнын түзүлүшүнө кийлигишип айрым гендерди бузса, алар гендик мутация деп аталат.

Хромосомалык мутация[оңдоо]

Хромосомалык мутация хромосомалар бир же бир нече жерден үзүлгөндөн кийин пайда болот.

Геномдук мутация[оңдоо]

Клеткаларда клетка бөлүнүүсүн (митозду) камсыз кылуучу структуралар бузулганда эки эселенген хромосомалар же алардын жыйнагы эселенгенден кийин, ошол эле клеткада кала берет. Мындай мутация геномдук деп аталат.

Алдын алуу[оңдоо]

Кишинин организминин клеткалары тиричиликтин кадимки шартында (табигый мутация) жана радиациялык, химиялык мутагендердин таасири менен мутацияга учурайт. Орто эсеп менен 1 млн төрөлгөндөрдүн бирөөнүн белгилүү генинде табигый мутация пайда болуп тукум куума оорулардын бирине айланат. Эгерде атмосферада кишинин тукум куугучтугуна зыяндуу болгон заттар көбөйсө, мурдагыдай эле ядролук жарылуу жүргүзүлсө жана калк айлана-чөйрөнүн булгануусуна каршы чараларды колдонбосо улам жаңы мутация пайда боло берет.

Түрлөрү[оңдоо]

Генет. материалдагы өзгөрүүлөрдүн мүнөзүнө жараша чекиттик мутация инсерциялар, хромосомалык абберациялар же хромосомалардын кайрадан түзүлүүшү жана хромосомалардын санынын өзгөрүшүн камтыган мутацияларга бөлүнөт.
Чекиттик мутациялар ДНКда же РНКда нуклеотиддердин жубунун түшүп калышы же арасына кошулушу жана ошондой эле өзгөрүүлөрү (транзициялар жана трансверсиялар). Алар айрым гендердин ошондой эле карама-каршы натыйжа (полярдык эффект) учурунда, башкача атйканда келип чыккан мутацияга (полярдык мутацияга) салыштырмалуу оператордон алыс жайгашкан бардык гендердин чыгарылып салышында бир оперондогу кошуна бир нече гендердин функцияларын өзгөртүшү мүмкүн.
Инсерциялар ДНК молекулаларынын генге киргизилиши көбүнчө анын активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө (инактивация) алып келет же оперондордо күчтүү карама-каршы натыйжаны (полярдык эффектти) пайда кылат.
Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү - негизинен "жөнү жок" (незаконный) рекомбинациялардын башкача атйканда генет. материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинацияларынын эсебинен келип чыгат. Аларга делеция, анын ичинен катар чиркелишүү топторуна ээ эукариоттук организмдерге мүнөздүү дефишенсилер (хромосомалардын учтарынын кыскарышы); инверсия, дупликация, транслокация, транспозициялар генет. материалдын гендин узундугу менен теңдеш бөлүктөрүнүн бир хромосоманын чегинде же хромосомалардын ортосундагы орун которушуулар.
Организмдин клеткаларында хромосомалардын саны гаплоиддик жыйнакка калдыксыз (полиплоидия же гаплоидия) ошондой эле гаплоиддик тизмекке калдык менен (анеуплоидия) өзгөрүлөт.
Мутациянын көпчүлүгү организм үчүн зыяндуу (тукум куума оорулар майыптык жана организмдин өлүмү менен шартталышы мүмкүн). Кээде гана организмдин тигил же бул касиеттерин жакшыртуучу гендик мутация келип чыгат так ошол мутация жаратылыштагы өсүмдүк, жаныбар жана микроорганизмдердин селекциясында пайдалуу формаларын түзүүдө эволюциянын зарыл шарты болуп саналуу менен табигый жана жасалма тандоонун негизги материалын түзөт. Ар бир түрдө спонтандык мутациянын жыштыгы генет. жактан шартталган жана ылайыктуу деңгээлде кармалып турат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8