Мухаммед Садык Кашгари

Википедия дан

МУХАММЕД САДЫК КАШГАРИ (1740–1849) – уйгур тарыхчысы, адабиятчысы, акыны жана ойчулу. Ар кыл жанрдагы 18ден ашуун эмгек жазган.

Анын «Адаб ас-саалихиин» («Адал өрнөк адамдардын адеби») китеби Орто Азиядагы медреселерде окуу куралы катары колдонулган. Ал Табаринин жана Мырза Мухаммед Хайдардын тарыхый эмгектерин уйгур тилине которгон.

1768–69-жылдары уйгур тилинде жазган «Тазкира-йи хожаган» («Кожолордун өмүр баяны») эмгегинде кашкарлык кожолордун жана кыргыздардын 17–18-кылымдын 60-жылдарына чейинки тарыхын чагылдырган. «Тазкира-и азизан» («Азиз инсандардын баяны») деген да эмгеги бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]