Мухаммед Пайгамбар

Wikipedia дан
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда.
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюуңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүүңүздөр.


Кайталанган макала. Оригиналы - Мухаммед пайгамбар

Мухаммед Пайгамбар (араб. Мухаммад محمد, туулган убагы 22-апрель, 571-жылы (же 570-ж.), рабиүль-Аввал айынын 12синде, дүйшөмбү күнү, күндүн чыгышына аз калганда, Меккеде — өлгөн убагы 632-ж., 8-июнь, Мадинада.) — Исламдын пайгамбары. Ислам ишеними боюнча Кудай Мухаммед пайгамбарга ыйык китеп болгон Куранды түшүргөн. Андан тышкары саясий инсан, анын башкаруусунун натыйжасында Арабия жарымаралындагы күчтүү жана жетишээрлик чоң мамлекетке айланып кеткен умма мусулмандар жамаатынын негиздөөчүсү жана башчысы.

Кыскача хронология[оңдоо]

  • 571Меккеде Мухаммед Пайгамбардын төрөлүшү.
  • 595 — Хадижага үйлөнүшү
  • 613 — пайгамбарлыгын ачыкка чыгара башташы
  • 615 — Мухаммед Пайгамбарды ээрчигендердин куугунтуктун айынын Эфиопиюга качышы (пайгамбардын өзү байкеси Абу Талибдин коргоосунда калат).
  • 619 — Хадижанын жана Абу Талибдин өлүмдөрү.
  • 620 — Мухаммед Пайгамбардын Ясриб(Мадина) жашоочуларынын тобу менен болгон жашыруун келишими (элдик соттор жөнүндө).
  • 622 — Мадинага көч, хижра
  • 623 — мусулмандардын Меккенин кербендерине кол салууларынын башталышы
  • 624 — мусулмандардын Бадрадагы меккеликтердин коргоо отрядын талкалашы
  • 625 — Ухуд тоосунун астындагы салгылашуу. Мусулмандардын меккеликтерден жеңилиши
  • 626 — меккеликтердин Мадинага болгон натыйжасыз чабуулу (аңгектеги согуш)
  • 628 — убактылуу тынчтык тууралуу келишим (ал-Худайбийа жеринде)
  • 629 — мусулмандардын жана Мухаммед Пайгамбардын Меккедеги Каабага тынчтык зыяратка баруусу
  • 630 — Меккенин Мухаммед Пайгамбар тарабына өтүшү, Каабадагы жасалма кудайчаларды талкалоо, Меккени көчмөндөрдөн коргоп калуу
  • 632 — Мухаммед Пайгамбардын Меккеге акыркы жолу барышы (хиджат ал-вада), 8 июнда — Мухаммед Пайгамбардын көз жумушу (Мединанын башкы мечитинде коюлушу)

Өмүр баяны[оңдоо]

Көчмөн бедуиндер үй-бүлөсү, акы төлөп баласын бактыра турган адам издешип Меккеге барышат. Аялдар бир-бирден бала алышат. Болочок пайгамбарды "атасы жок жетим экен, жарытып акы төлөбөйт да" деп эч ким албай коёт. Халима аттуу аял башка бала табылбагандан кийин кичине Мухаммбетти алып, үйүнө кайтат. Өздөрү кедей турушкандыктан Халима өзүнүн наристеси менен Мухаммедди катар эмизип багат Аравиянын көптөгөн жери кургак, суусуз болгондуктан жалгыз төөсүнөн сүт да чыкпай калган. Бала Мухаммедди апкелген күндөн баштап төө сүтү мол бере баштайт. Мухаммед 3-4 жашка келгенде аянтчада балдар менен ойноп жүрсө үйгө Халиманын өз уулу жүгүрүп келип, "баланы ак кийимчен эки адам келип жыгып жатат" дейт. Халима күйөөсү экөө жүгүрүп чыгышса, Мухаммед супсур болуп туруптур. Халама аптыгып: "Эмне болду,балам? Алигилер кимдер?" деп сураса: "Көөдөнүмдү ачып жүрөгүмдү сууруп алды да алтын жүрөк салды, кимдер экенин тааныбайм" деп Мухаммед чоң адамча токтоо жооп бериптир. Аңызга караганда Кудайдын амири менен келген Жебирейил Мухаммедке башка жүрөк салып кетет. Буга таң калган жана корккон Халима баланы аман турганда энесине алып барып берели деп, аны Меккедеги Аминага алып келет. Ошондо сезим тал Амина: "Эмне болуп кетти,эмнеге алып келдиңер?" деп чочулайт. Халима эмне дээрин билбей аны-муну айткан болгон экен, Амина анысына көнбөй чындыкты айттырыптыр. "Мухаммед туулганда жерге "чыр" этип түшөөрү менен чалкасынан жаткан калыбында эки чыканагына таянып, башын көтөрүп, чон адамдай өйдө караган эле" деп Амина уулун алып калыптыр.
Ал 6 жашка толгон кезде энеси Амина кайтыш болуп, жетим калган баланы атасы Абды Мутталип колуна алып тарбиялаптыр. Абды Мутталип ак сөөк тукумунан чыккан бай эмес адам экен.Мухаммед 8 жашка чыкканда сүйүктүү атасы да кайтыш болуп, баланы агасы (атасынын иниси) Абу Талип өз тарбиясына алган экен. Ак көңүл, жан дүйнөсү кең Абу Талип өтө кедей өмүр кечирип, Мухаммедди элдин кой-эчкисинин артында жүрө турган бакмачылыкка берүүгө мажбур болуптур. Тоо-ташты,чөлдү сызгырган аптапта жападан жалгыз мал артынан жүргөн жетим бала абдан сезимтал, байкагыч, ойчул болуп өсүп, кичинесинен калп айтканды билбеген, өтө чынчыл, жагымсыз жыт-жыбырдан жүрөгү айнып ооруп калма, орунсуз сүйлөбөгөн бала болгон. Буга дейре Аравияда ар түрдүү кудайларга сыйынуу кеңири жайылган. Алардын сыйынуучу касиеттүү жери Мекке шаарындагы Каба болуптур. Мында көп замандан бери эле жыл сайын арабдар белгилүү убакытта чогулушуп, Кабанын айланасындагы ар түрлүү кудайлардын бейенесине сыйынып,курмандык чалышып, Замзам кудугундагы касиеттүү суудан ичишип тарашчу экен.

Мухаммед Пайгамбардын осуяттары:[оңдоо]

Досуңду өтө берилип сүйбөгүн,себеби бирде болбосо бирде ал өзүңө душман болуп калышы мүмкүн.Душманыңа да өтө кастык кылбагын,анткени бирде болбосо бирде ал кайра дос болуп калышы мүмкүн.

Беш түрдүү нерсеге кепил болуңуздар,мен да сиздер үчүн бейишке кепил болоюн:
биринчиси - мурастарыңызды бөлүштүргөндө бири-бириңиздерге кыянат жана зулумдук кылбаңыздар;
экинчиси - адамдарга, өзүңүздөргө ынсап кылыңыздар;
үчүнчүсү - душман менен боло турган согуштарда коркоктук кылбаңыздар;
төртүнчүсү - олжо бөлүшкөндө кыянаттык кылбаңыздар;
бешинчиси - зулумдардан эзилгендердин,кордолгондордун акысын өндүрүп бериңиздер.

Урушканда кимиңиз биринчи салам берсеңиз,ошонуңуз Кудайга жагымдуурагыңыз.

Садаганын жакшысы-эсенчиликтегиси: мал-мүлкүң жайнап, жашоонун баркын билип жана бар жокту эске алып турган кезиңде кылган садагаң. Садага кылууну узакка созбо, жаның алкымыңа келген учурда мал-мүлкүңдүн мынчасын баланчага, мынчасын түкүнчөгө дегениң менен пайдасы жок, себеби ал убакта сен айпасаң деле мал-мүлкүң баланча-түкүнчөлөрдүкү болот.

Адамча үч түрдүү сапат бар;
биринчиси - оорулууну барып көрүү;
экинчиси - коңшуң сенден жакшылык көрсө жашырат, жамандык көрсө ашырат;
үчүнчүсү - катының бирге болсоң кароо болот, жок болсоң кыянаттык кылат;

Ар түрдүү амал бар, алар ар бир момундун түздөн-түз милдети:
биринчиси - оорулууну барып көрүү;
экинчиси - жаназага барып катышуу;
үчүнчүсү - чүчкүрүп "алхамду лиллох" деген кишиге "ярхамука-ллоху ва яшфик" деп жооп кылуу.

Ар түрдүү иш бар,аларды үмөттөрүм эч аткарбай кое алышпайт:
биринчиси - тек-жааты менен сыймыктануу;
экинчиси - өлүккө өкүрүп ыйлоо;
үчүнчүсү - жылдыздар менен пал ачуу.

Үч топтогу адамдар бар,алардын кылган дубаларын Кудай кабыл кылбайт:
биринчиси - чалдыбарга айланган үйдүн ичине даарат кылгандар;
экинчиси - жолдун ортосунда даарат кылгандар;
үчүнчүсү - ат-улоолорун бош кое берип,анан Кудайдан алардын сакташын сурагандар.

Үч түрдүү адам бар,Кудай акыр-кыяматта алар менен сүйлөшпөйт жана ыраазычылыгын бербейт да карабайт,күнөөлөрүн да кечирбейт,ал түгүл аларды катуу азапка салат:
биринчиси - карыя болуп туруп,зина иштеринен кайтпаган адам;
экинчиси - калпычы падыша;
үчүнчүсү - мактаанчак кембагал.
== Колдонулган адабияттар == Адис:Осуяттар/которгон:М.Каримов.-Б.,1991.-160 б.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]

Мусулман булактарынан
http://www.islam.kg/istoriya/proroki - пророки
http://www.old.islam.kg/?i=paygambar - пайгамбарлар
Мусулман эмес булактардан